Menu

Сапар Исаков Ош облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Ош облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен жана Нарын облустары боюнча өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте облустагы көйгөйлөр боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуусу керек.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов аймактын учурдагы социалдык-экономикалык абалы, 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын облуста ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары, аны өнүктүрүү боюнча чаралар, ошондой эле «Жаны доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, Таалайбек Сарыбашов жаңы ишканалардын курулушу, облусту өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор, салыктык жыйымдарды чогултуу жыйынтыгы, жолдорду куруу, социалдык жана билим берүү тармактарындагы долбоорлор, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларга тыкыр токтолду.

Премьер-министр Сапар Исаков жол боюндагы инфраструктураны: тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн, негизги трассалардын жээгиндеги жарыктандыруу тутумун жана жол чийимдерин, ошондой эле аймактын ички жолдорун жергиликтүү бюджет эсебинен жакшыртуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Өкмөт башчы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигине республиканын бардык облустарында аталган ишти бирдиктүү стандарт боюнча аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары, курулушту долбоорлоодо жер астындагы коммуникацияларды орнотуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Сапар Исаков экспортко багытталган ишканалардын мүмкүнчүлүгүн өстүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга байланыштуу КР Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттикке облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте өндүрүштүк ишканаларды, тактап айтканда, аймактардагы айыл чарба обьектилерин куруу жана модернизациялоого инвестиция тартуу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

Буга катар Экономика министрлигине, Финансы министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына үстүбүздөгү жылдын 10 айы үчүн салык жыйымдарын чогултуу боюнча план аткарылбагандыгынын себебин иликтеп чыгып, тийиштүү кызматтык жактардын жоопкерчилигин кароо тапшырылды.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аймак тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча концепцияны тыкыр ишеп чыгуу жана ал боюнча чараларды ишке ашырууну баштоо тапшырылды. Аталган тапшырманын аткарылыш сапатын көзөмөлдөө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилигине тапшырылды.

Ички иштер министрлигине Алай жана Араван райондорундагы курулушу бүтпөгөн медициналык обьектилер фактысы боюнча иликтөө жүргүзүү жана Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалык жетекчилигинин аталган маселе боюнча жоопкерчилигин кароо тапшырылды.

Мындан тышкары, тийиштүү мамлекеттик органдарга Ош облусундагы жана Ош шаарындагы жолдорду куруу жана реконструкциялоого инвестиция тартуу боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.

Муну менен катар Өкмөт башчы кооптуу аймактарда жашаган жарандарды өз учурунда коопсуз жайларга көчүрүү маселесине басым жасады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2018-жылдын жаз мезгилине дейре жыйынтык чараларды көрүүсү тапшырылды.

Ошондой эле Сапар Исаков жер-жерлердеги көйгөйөрдү ыкчам чечүү үчүн аймактардагы министрлик жана ведомстволордун аймактык подразделениелерин координациялоону күчөтүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: