Menu

УКМК: ИИМ академиясынын курсантынын маалыматына ылайык бомба тууралуу маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев айткан. Кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

УКМКнын Башкы иликтөө башкармалыгы өкмөттүк трассада бомба коюлду деген жалган маалымат боюнча чогулган материалдардын негизинде кылмыш ишин козгогон.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сөз 24-ноябрда  Ч.Айтматов менен Москва көчөсүнүн кесилишинде бомба бар деген жалган маалымат боюнча болууда.

ИИМдин академиясынын курсантынын билдиргенине караганда, бул маалыматты тараткан жаран учурда Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган Дүйшөнбек Зилалиев.

Азыр иликтөө жүрүп жатат, кылмыш ишинин негизинде тараптар сурактан өтүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, 24-ноябрь күнү жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына чакырылбай калган министр Дүйшөнбек Зилалиев резиденциядагы инагурациядан кийин Сооронбай Жээнбеков Ак үйгө өтө турган мамлекеттик жолду кайтарып турган милиция кызматкерлерине машинасы менен келип “жолго бомба коюлуптур” деген маалыматты билдирген да кетип калган. Милиция жолду бууп, бомбаны издөөгө киришип, бомба табылган эмес. Алгач бул маалыматты Зилалиев такыр моюнга албай танган, кийинчерээк тамашалап койгом деп чыккан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: