Menu

КР ТИМдин Биринчи орун басары Түркмөнстандын Тышкы иштер министри менен жолукту

Бөлүшүү:

2017-жылдын 12-декабрында  Ашхабад шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Д.Кемелова жана Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Рүстөмбеков Эл аралык нейтралдуулук күнүнө байланыштуу Түркмөнстандын Нейтралдык Аркасына гүл коюу аземине катышты.  Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Түркмөнстандын Президенти Г.М.Бердымухамедов, Түрмөнстандын расмий адамдары жана чакырылган коноктордун катышуусу менен өттү.

Эл аралык нейтралитет күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2017-жылдын 2-февралындагы Резолюциясы боюнча биринчи жолу белгиленүүдө.  Белгилей кетсек 12-декабрды Эл аралык нейтралитет күнү катары белгилөө  жөнүндө демилгени Түркмөнстан  көтөрүп чыккан.

Эл аралык нейтралитет күнүнө карата иш-чарага катышуунун алкагында,  12-декабрда Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Д.А.Кемелованын Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Р.О.Мередов менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларын жана бардык деңгээлде  саясий диаологдорду уюштуруу, соода-транспорт коммуникациясын, энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикасы, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиянын 3-жыйынына даярдык көрүү, мындан тышкары 2018-жылы Ашхабадда Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата иш чараларды өткөрүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: