Кыргызстандын ар бир аймагында мамлекеттик ММКлардын базасында мультиформаттык медиа-борборлорду түзүү сунушталууда.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул маселе мекеме жетекчиси Султан Жумагулов менен облустардагы мамлекеттик телерадиокомпаниялардын башчыларынын жолугушуусу маалында талкууланды.
Министр өкмөттүн тапшырмасы менен облустардагы мамлекеттик ММКлардын базасында медиа-борбор түзүү каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы борборлор маалыматтык кызматтардын бүтүндөй бир комплексин көрсөтүшөт. Андан тышкары аларда телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар сайты, маалыматтык борборлор жана медиа мектептер иштеши керек.
Аймактардагы мамлекеттик ММКларды реформалоону ишке ашыруу үчүн министрликке тиешелүү программа кабыл алуу тапшырмасы берилди. Реформанын максаты 34 райондук жана 12 облустук гезитке, ошондой эле 6 облустук телеканалга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу экендиги белгиленди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ