Бишкек шаарынын мэриясы 3,5 млрд. сомго 350 автобус сатып алат. Насыяны Орусиянын “Газпромбанкы” берет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында белгилүү болду. Бишкек шаарынын вице-мэри Ренат Макеновдун айтымында, «Газпромбанк» каражатты «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына берет. «Газпром Кыргызстан» Бишкек шаарынын мэриясынан жылдык 12% болгон облигацияларды сатып алат. Облигацияларды Кыргызстандын Социалдык фонду дагы сатып алат. Жалпы каражаттардын суммасы 3,5 млрд, сомду түзөт» -деди ал. Ошондой эле мэриянын эсеби боюнча облигация түрүндө насыяны 2025-жылга чейин төлөп берүү керек. Пайыздарын кошкондо, жалпы 5 млрд, сом төлөнөт. Ошондо ар бир автобус насыяны кошуп эсептегенде 14 миллион сомдон айланат экен. Мындай жол менен мурдагы мэр Нариман Түлеевдин арты менен абак жыттап чыгышат го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ