Кечээ 26-декабрь күнү Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Абдылда Исламов айыл өкмөттүн аймагындагы айылдарда жашаган жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген ондон ашуун жарандардан кабар алып, баарлашып кайтты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Абдылда Исламовдун билдирүүсүндө 2017-жылдын декабрь айы дин кызматкерлери тарабынан Катта-Талдык айыл өкмөтүндө кайрымдуулук айы деп жарыяланып, бардык мечиттерде ай башынан бери жүздөгөн адамдарга жардам берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул демилгени колунда бар ишкерлер жана мечитке келген жарандар да колдоп, өз салымдарын кошушууда.
Учурда айыл өкмөт аймагындагы жардамга муктаж турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо иштери улантылып жатат. Ошондой эле ушул жылдын аягына чейин чоң масштабдагы жардамдарды тапшыруу иш-чарасы уюштурулаарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибинин демилгеси менен өткөн айдан тартып, Баш-Булак айылындагы беш балалуу жалгыз бой энеге ай сайын 5000 сом өлчөмүндө азык-түлүк жана атайын жардамдар берилип баштаган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ