Menu

Улуттук комиссия Бишкек шаарындагы бала бакчалардагы мамлекеттик тилдин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында жалпы 84 бала бакча: Биринчи Май районунда 15, Ленин районунда 18, Октябрь районунда 34 жана Свердлов районунун аймагында 17 бала бакча бар. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен 10 бала бакча гана кыргыз тилдүү болсо, 38и орус тилинде тарбия берип, 36 бала бакчада орус жана кыргыз тайпалары бар. Бала бакчадагы мамлекеттик тил көйгөйүнө КР Президенти С.Жээнбеков менен Улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеевдин жолугушуусунда басым жасалган.

Бала бакчалардагы мамлекеттик тилдин абалы менен жеринен таанышуу максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан атайын буйрук менен түзүлгөн топ 19-22-декабрда Бишкек шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде болду. Бул аралыкта бала бакчалардын иш кагаздары, көрүнөө маалыматтары, ж.б. жазуу-сызуулары менен, кыргыз тилчи мугалимдердин иши менен таанышуу жүрдү. Таанышуунун жыйынтыгы менен бейлөө (мониторинг) жүргүзүлүп, жакынкы аралыкта жалпыга жарыяланат.

Жыл жаңырган соң ушундай эле өңүттөгү таанышуулар бардык билим берүү тармактарында улантылмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: