Menu

Ирандагы толкундоолордо өлгөндөрдүн саны 22ге жетти, 700дөйү камалды

Бөлүшүү:

Ирандагы толкундоолордон кийин кармалгандар “Кудай менен касташкандар” катары айыпталышып, өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Тегеран революциялык сотунун башчысы Муса Газанфарабади билдирди. Ал канча адам камалганын так айткан жок.

https://www.youtube.com/watch?v=-P7x-XK5NCo&feature=youtu.be

“Фардо радиосу” маалымдагандай, бир нече күн аралыгында өлкөдө 700дөй киши камалды. Ирандын ички иштер минстринин орун басары камалгандардын 90% пайызы жаштар экенин белгиледи.

Мамлекеттик телеканалдын билдиргенине караганда, өткөн түнкү кагылыштарда тогуз адам, анын ичинен алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Жалпысынан Иранда өкмөткө каршы акыркы беш күндөн бери өтүп жаткан демонстрациялар учурунда өмүрү кыйылгандардын расмий эмес саны 22ге жетти.

Аятолла Али Хаменейи Ирандын “душмандарын” өкмөткө каршы нааразылык демонстрацияларды козутуп жатат деп күнөөлөдү:

– Душман бизге сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алып жатат. Акыркы күндөрдөгү инциденттерди карагылачы, Ислам республикасына каршылардын баары акчасы, саясаты, куралы, чалгын кызматы менен ислам режимине, Ислам республикасына көйгөй жаратуу үчүн биригишүүдө.

АКШ, Германия, Швеция, Түркия, Израиль, Франция жана Улуу Британия иран бийлигинин каршылык акциясына чыккандарга карата көрсөтүп жаткан зомбулук аракеттерин айыптады.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан демонстрациялар Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда тутанган. Андан бери демонстрациялар өлкөнүн ондогон шаарчалары менен шаарларын каптады, борбор шаар Тегерандын да бир нече бөлүктөрүндө болду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: