Жаратман, демилгелүү жаштарыбыздан суурулуп чыккандар бар. Алар эл көзүндө өздөрүнүн жасаган иштери менен айдан ачык көрүнүп турат. Кыргызстандын келечеги мына так ушул жаратман жаштардын өкүлдөрүндө. Алардын бири КТРКнын Башкы директору Илим Карыпбеков чыныгы менеджер экенин далилдеп келет. Бүгүнкү КТРК менен мындан 3 жыл мурунку КТРКнын айырмасы асман менен жердей. Бир гана КТРКнын имаратынын жаңы жасалгасы эмес, чейрек кылымдан бери жетмек тургай ойлоп да койбогон техникалык базасынын чыңалуусу, телеберүүлөр гана эмес, бир нече каналдардын ачылуусу, кызматкерлердин этикалык-профессионалдык деңгээлинин өсүшү так ушул Карыпбековдун учурунда болгонун калп деп ким айта алат? Баардык тармакта Илим мырзадай жетекчи болсо мыкты көрсөткүчтөр болоору шексиз эле…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ