Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Сапар Исаков милдетин аткарып бүтүп калды. Экс-президенттин куйругун көкүрөгү менен тосту, булганды… Эми бул кимге керек?”

Бөлүшүү:

 

– Сабыр байке, эми азыр жаңы жылдын темасы баягы эле эски жылдын темасы бойдон турат. “Алмазбек Атамбаев саясатка кайтып келем” деди эле, качан кайтып келет? Кантип кайтып келээр экен? Жогорку Кеңешти (ЖК) таркатып, жаңы шайлоо кылып келеби, же кезексиз шайлоо болбой калабы (?), деген эле суроолорго кайрылалы...

– Бул маселе ЖМКларда кеңири талкууланып жатпайбы. Өткөндөгү Жаңы жылдын алдындагы маегибизде ушу темага кайрылганбыз. Бул теманын кызуу талкуудан түшпөй жатышы ал маселенин жандырмагы жоктугунда болуп жатат да. Эми бир жаңсыл болгончо бул маселени чайнаганыбыз чайнаган (күлүп). Ошондуктан бул теманын айтыла элек кырларына токтололук.
Атамбаев “кайрадан саясатка кайтып келем” деп өзү айткан. Саясатка ичинен, тышынан, Турсунбек Акундай болуп чырылдап, саясатчымын деп катышса деле болот. А бирок, экс-президент болсо андай эмес, ал толук кандуу, мурдагыдай эки тизгин, бир чылбырды колго алгыдай болуп кайтып келүүнү көксөп жатат.
Ал үчүн сьезд өткөзүп, КСДПга генсекретарь болуп шайлануу жетишсиз. КСДП парламентте коалиция курбай эле башкаруучу партия болгондой, 51 пайыздан кем эмес мандатка ээ болгон шартты камсыздоо керек. Ал үчүн кайра кезексиз шайлоо өткөрүү керек, ЖКны таркатуу зарыл деген сөздөр тынымсыз талкууланууда. Экс-президент “партиянын жетекчиси катары шайланып, ЖКдагы башкаруучу коалицияны башкара бере албайм, убакыт өтүшү менен коалициядагы башка партиялар тил албай, өз алдынчалык кылып, башка, КСДПсыз коалиция түзүп кетсе кандай болот(?)”,- деп чочулап жатат. Ошондуктан ал-күчтөн тая электе кайра шайлоо өткөзүп, коалиция курам деп убара болбой тургандай жагдай түзүп, жаңы курамдан 51 пайыздан кем эмес мандаттарды сатып кетпей турган, өзү түзгөн тизме боюнча ишенимдүү адамдардан курап алгысы келип турганы ачык байкалууда. Анан эми бул ишти качан, кандайча ишке ашырат, ашыра алабы (?), аны азырынча алдын ала айтуу кыйын. Анткени КСДПнын декабрга белгиленген съезди январга, анан февралга, эми бүгүнкү такталбаган маалыматтар боюнча апрелге жылды деп жатышат. “Апрелге калса пландар ойрон болот, тездеткенде ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар, атайылап апрель деп жалган маалымат таркатып туруп, башкалар кенебей даярдыгы жок жатканда, тездик менен пландарын ишке ашырууну көздөөдө”- дегендер да жок эмес. Ал эми иш жүзүндө кандай болоорун деле көрөбүз, аз калды.

– Эми, эки тизгин бир чылбырды колго алганда кандай? “Премьер министр болот, спикер болот” дешет, сиз кандай дейсиз?

– Атамбаев пландарын ишке ашырып, партиясы жеңиш менен келеби (?), же жеңилүүгө учурап, ошону менен биротоло тарыха кетеби, аны азыр айтуу кыйын. Бирок, келе турган болсо ал партиянын лидери катары деле башкара берет. Парламенттеги мандаттын көпчүлүгү колунда турса, уставына партиядан чыгарылгандар КСДПнын квотасы менен кызматка койулбайт деп жазып алып башкара берет да. “Партиядан чыгарсам кызматтан кетесиң” десе, спикери да, премьери да кыңк этеби? ЖКнын макулдугу менен дайындала турган баш прокурор, ЖКнын элегинен өтүп кызматка барчу соттор баары көзүн карайт да отуруп берет. Спикер болуп келиши да толук мүмкүн. Бир жумада эки күн сессия экен. Кааласа эки күндүн жарты күнүн иштеп, калган убакта жыйынды вице-спикерлерге башкартып, маанилүү маселе чыкса келе калып, башкарып отура бериши ыктымал. Ошондой эле аны премьер-министр болот дегендер да бар. Менимче, премьер болушу өтө опурталдуу, элге, мамлекетке кесепети тийип калуусу толук мүмкүн.
Өмүрбек Текебаев менен Каныбек Иманалиев тарабынан кабыл алынган, президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, тышкы саясатты премьер-министрден алып (баш мыйзам боюнча тышкы саясат премьер-министрде) президентке берген антиконституциялык мыйзамды артка кайырса бийлиги ого бетер бекемделет. Азыркы президент премьер менен макулдашмайын эл аралык келишимдерге да кол коё албай, Атамбаевдин же ал койгон премьер-министрдин көзүн карап калат. Жини келсе Башмыйзамды өзгөртүп, президентти парламенттен шайланмай кылып, же мөөнөтүнөн мурун президенттик кызматты такыр жоюп, “спикер же премьер мамлекет башчасы болот”- деген шартты киргизип салышы толук мүмкүн. Ошон үчүн, бул келсе дагы эмне болот (?), деп санааркаган коомчулук элеңдеп, бул маселени көз жаздымда калтырбай кызуу талкуулап жатат да.

– Жогоруда, “премьер болгону опурталдуу, элге, мамлекетке кесепети тийип калуусу мүмкүн” дедиңиз. Кененирээк токтоло кетсеңиз?

– Эми өзүңөр билесиңер, кызматтан кетеринде казак элин басмырлап, “өз баштарына ээ эмес, өмүр боюу Чынгызхандын тукумдарынын таман астында жүргөн эл”- деди. Назарбаевди ууру деди. Спикерлерине, премьерине бок жегизди. Алары да жөн калган жок, Назарбаевге жагынып Атамбаевди жин оорусунан дарыланууну сунушташты. Мындайча айтканда биздин экс-президент Казакстанга өзүнчө эле персона нон грата болуп калбадыбы. Премьер-министрдин кызматы тикелей экономикага байланыштуу болуп атса, анан алар менен иштеше албаса, казактар менен, деги эле ЕАЭС ичинде кырдаал оорлоп Кыргызстанга катуу кесепети тийиши мүмкүн. Мен ошону айтып жатам. Ал турмак Атамбаевге жагынабыз деп шашылыш НОТА жөнөтүп, тил да тийгизип жиберген Сапар Исаков Бакыт Сагинтаев менен иштеше албай Астанага вицесин жиберсе, бетин тултуйтуп барган тышкы иштер министирибиз башын көтөрө албай уялып турганын көрдүк.

– Айтмакчы, акыркы күндөрү ЖМКларда премьер-министр Сапар Исаковдун аты менен байланыштуу коррупциялык иштер тууралуу маалыматтар жаап баштады. Кызыктуусу мындай маалыматтар бийликчил деген сайттардан да таркатылып жатканы болууда. Буга кандай дейсиз?

– Эми бул бала арабаны тарта албасы башынан эле белгилүү болчу да. Бир күн да, бир жерде жетекчи болуп, бир мекемени башкарбаса анан ар кимдин астында на побегушках жүргөн эме өкмөттү кантип башкарат? “Муну Алмазбек Атамбаев артын тазалатып, бүтпөй калган иштерин бүтүртүп алуу үчүн койгон”- дегендердики эле чын чыкты. Тездик менен Сооронбай Жээнбеков созуп, аткарбай келген “Кумтөр” менен болгон келишимге кол коюп, Суу кодексин кабыл алдырып ж.б. бир топ чуулгандуу коррупциялык иштер менен алектенүүдө.
Акыркы “Таза коом”, “Манас” аэропортуна байланыштуу иштер тууралуу маалыматтар көчөдө жүргөн адамдар биле турган иш эмес. Мамлекетке олуттуу зыян алып келе турганын билген бийлик башындагы эле патриот чиновник жигиттер чыгарып жаткандай. “Мавр сделал свое дело, мавр может уходит” дегендей, бул бала өзүнүн милдетин аткарып бүтүп калды. Экс-президенттин куйругун көкүрөгү менен тосту, булганды. Анан эми бул кимге керек? Атамбаевге деле керек эмес. Анткени бул бала ал жерде отура берсе ага каршы чабуул токтобойт. Анан ага асылгандар чубаган жиптин учу экс президентке алып келиши мүмкүн. Алмашып жаңы адам келсе, санаа тынч болгону жатпайбы. А “көт аарчы” кимге керек (?), эскинин эски-уску жабышкан бок-сагы менен канализацияга куюлушу керек да.

Маектешкен Нургазы Анаркулов
Булак: «Майдан.kg»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: