Menu

Би-Би-Си «Киргизиянын» ордуна «Кыргызстан» деген аталышты колдонуп баштайт

Бөлүшүү:

Би-Би-Си медиакорпорациясынын орус кызматы өз макалаларында постсоветтик айрым өлкөлөрдүн аталыштарын өзгөртөт. Белоруссия Беларусь, Киргизия – Кыргызстан, Туркмения – Туркменистан, Молдавия – Молдова болуп өзгөрөт. Бул тууралуу кызматтын редактору Фамиль Исмайлов билдирди.

Ал өз блогунда бул тандоо боюнча талаш көптөн бери болуп келгенин белгилеген. Советтер Союзу ыдырагандан кийин мурдагы айрым республикалар, азыркы көз карандысыз өлкөлөр аталыштарын өзгөртүшкөн.

«Биз макалаларыбызда совет окуу китептеринде жазылып калган орусча кеңири колдонулган аталыштарды пайдаланып келгенбиз. Өлкөлөрдүн эски жана жаңы аталыштары бирдей колдонулуп жаткан маалда “дайыма ушундай жазып келгенбиз” деген аргумент бара-бара алсыз болуп калды. Мамлекеттердин жаңы аталыштары расмий документтердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдардын бөлүгү болгон мезгил келди. Издөө системасында да колдонуучулар жаңы аталыштарга артыкчылык беришүүдө», – деп түшүндүрдү редактор.

Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын расмий түрдөгү кыскартылышы. Конституциянын кыргыз жана орус редакцияларында өлкө Кыргызстан деп көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда орус ММКлары көбүнчө Киргизия деген аталышты колдонушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: