Бүгүн, 17-январда Индонезиянын Джакарта шаарында фондулук биржанын экинчи кабатынын полу урап түшүп кетип, жалпысынан 70 адам жабыркаган. Каза болгондор тууралу азырынча расмий маалымат жок. Экинчи кабаттын террасасында 30 студент жыйналып турганда пол көтөрө албай урап түшкөн. Биржанын ичиндеги адамдардын баары сыртка эвакуацияланып, полиция анын тегерегин курчоого алган. Азырынча анын себептери такталып жатат, бирок бийлик жарылуу болгон эмес деп билдирип жатат.
https://www.youtube.com/watch?v=p2ZEUzcROrk&feature=youtu.be
Видео: CGTN
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ