Menu

Адил Турдукулов, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы: “Парламенттик кезексиз шайлоого КСДП даяр эмес”

Бөлүшүү:

— Камактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков ачкачылык кармап атышканы, абалдары оор экени айтылган. Бул боюнча көтөрүлгөн акцияга өзүңүз да катышып жүрдүңүз эле. Соңку убакта үч саясатчынын ден соолугунан кабарыңыз барбы?

— Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. УКМК аларды бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айыптаган. Асанов менен Кадыровду абдан оор берене – “Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан”, ал эми Карыбековду “Мамлекетке чыккынчылык кылды” деген шылтоо менен 2016-жылы абакка отургузушкан. Оор берене болгон үчүн апелляциялык соттук процесс жабык эшикте өтүп жатат. Ал жердеги процессуалдык бузууларды элге жеткирүү кыйын. Мисалы, аларга жалаа жапкан негизги күбө соттук процессте катышкан жок. Негизгиси Асанов менен Кадыровго куугунтук болгону, бийликтин шайлоо алдында “мураскерди” өткөрүү операциясына жолтоо болбосун деген планга ылайык болгон. (Айтмакчы, кечээ бул саясатчылардын даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралып, биринчи интстанциянын чечими күчүндө калды.) Ал эми “Элдик парламенттин” башчыларынын камалышы, “Ата Мекен” фракциясына болгон басым жана камоолор, Мавлян баштаган жаш активисттерге болгон кысым, сөз эркиндигине болгон ондогон арыздар дагы ошого тиешелүү.

— Активист Мелис Аспеков бир курдай “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталып, камалып чыккан. Учурда ал кайра камакта. Ушул өңүттө коомчулукка маалымат жетпей атат. Айтып берсеңиз?

— Мелис Аспеков шайлоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Аларды дагы “Бабановду колдоп, төңкөрүш жасоону пландаган” деген себеп менен камашты. Анын процесси дагы жабык эшикте өткөнү турат. Бирок, КТРКда монтаждалган видеодон башка Мелистин камалышына эч себеп жок. Ошол себептен процесс кечке жылып жатат. Эми 19-февралда сот башталарынан үмүт кылып жатабыз.

— Шаардык сотто Аида Саляновага карата өкүм угузулуп, райондук соттун чечими күчүндө калды. Ошондо эми 3 жаштагы кызы 14кө чыкканда Салянова 5 жылга камалып, үй-мүлкү конфискацияланабы? Баса, шаардык соттун чечиминен соң депутаттык мандатынан да ажыратылса керек…

— Ошол мандатын алып коюу максатында ушундай чечим чыгарышты. Бирок, адвокаттар дагы бийликтин бул амал планы ишке ашпаш үчүн кайрадан апелляциялык арыз менен сотторго кайрылып жатышат. Ал эми инисинин өлүмү боюнча Салянованын үй-бүлөсү ИИМдин расмий кабарына ишенбестигин айтышты.

— Айтмакчы, түрмөдөгү Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугу, ден соолугу кандай экен? “Закрывашкада” отурган адам “каралардын” мыйзамын кабыл албасы айтылып жүрөт. Камактан Текебаевге кол салып коюшпайбы?

— Садыр Жапаров жана Дүйшөн Чотонов түрмөдө болушунча эркин жүргөндөрү боюнча маалыматым бар. Текебаевдин болсо буга чейин дагы камерадан чыкпай, кыйналып жүргөнүнө себеп бар да. Ал өмүр бою криминалдык авторитеттерди ордуна коюп келген болчу, башка саясатчыларга окшоп алардын алдына барып  саламдашкан да эмес. Ошондуктан, ага карата “кара дүйнөнүн” өчү бар экени белгилүү. Бул сыноодон ал ого бетер күчтөнүп чыгат го (!) деп ишенем.

— Былтыркы президенттик шайлоодон кийин Адахан Мадумаров бийликти сындоочу катары упай топтоп, эл ичинде кандайдыр бир деңгээлде рейтингин көтөрүп алды окшойт. Чоң саясатчылар арасынан Мадумаровдун гана таскагы өзгөчө катуулап баратканы эмнени туюндурат? Мисалы, сиз деле оппозиционер, укук коргоочу катары саясаттын кайнаган жеринде жүрөсүз, Мадумаров менен көз карашыңыз келишеби? Ал жалпы оппозицияга лидер боло алабы?

— Мадумаров акыркы шайлоодо чет жакта эмгектенип жүргөн мекендештирибиздин арасынан биринчи орунду ээледи. Көп жылдан бери чет жакта шайлоо участкалары көбөйбөй жаткандыгы, “балким Мадумаров ал жактан басымдуу добуш албаса экен” деген ою бар окшойт бийликтин. Ошондуктан, сөзсүз түрдө анын туруктуу колдоочулары бар. Мисалы, 2010-жылдагы парламенттик күрөштө ал жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 145 миң добуш алса, 2015-жылы 97 миң добушка ээ болгон, акыркы президенттик шайлоодо болсо 108 миң добушка ээ болду. Мынча эл колдогон менен кандай саясатчы болбосун, бийлик дагы эсептешпей коё албайт. Кичине чочуганым, 2013-жылдагыдай болуп колун шилтеп, аны “барктай албаган” элден тажап, бийлик сунуш кылган кызматка азгырылып кетип калбаса болду. Ал эми сиз туура айттыңыз, оппозиция лидеринин ордун ээлегенге бүт мүмкүнчүлүктөрү бар: Текебаев түрмөдө, Бабанов куйругун түйгөн бойдон чет жакта, талаа бош… Биз болсо жашпыз…

— Быйылкы жазда саясый кырдаал катуу чыңалып, “ысык” боло турганын эксперттер айтышууда. Коомдук кырдаалды козгой турган кандай себептер көтөрүлүшү мүмкүн?

— Кырдаал кезексиз шайлоодо гана чыңалышы мүмкүн, бирок буга биринчиден КСДП даяр эмес, ошондуктан шайлоо кийинкиге жылат го? Демек, коомдук кырдаал ким кандай аракет кылбасын козголбойт, буга себеп Сооронбай Жээнбековго азырынча бүт элдин үмүмтү зор. Эң негизгиси, ошол үмүттү актаса болду. Мен ага бир кеңеш берет элем – экономикалык өнүгүү негизги адам укуктары сакталган, сөз эркиндиги корголгон, саясый куугунтук болбогон жерде гана болушу мүмкүн. Ошондуктан Жээнбеков элдин эсинде “күчтүү, адилеттүү ажо катары калайын” десе, мен айткан маселелер анын ишмердүүлүгүндө эң негизгилерден болушу керек. Бул үчүн ал биринчи кезекте соттук реформаны кайрадан баштап, күч органдарынын жетекчилерин жаңылап, кугуунтукту токтотуп, КТРКны накта элдик телеканал кылышы керек.

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: