Menu

Свет кымбаттайт экен

Бөлүшүү:

Аскарбек Шадиев деген неме вице-премьер болуп келгенде, анын айланасындагы “пахта” койгондору аябай мактап жиберишкен эле. “Электр энергиясын жөнгө салат, свет арзандайт, кышында өчпөйт” деген сыяктуу. Бирок, Шадиевден бешөө келсе да энергетика тармагы оңолчудай эмес. Жакын арада светке болгон баа дагы өсөт деп жатышат. Акылдуулар ар дайым элдин эсебинен жашап келгени ырас. Ансыз да “акылдуу эсептегичтери” карапайым калктын канын кактабай соруп жаткан кези. Кайда барба электр энергиясына чыгып келген суммаларга нааразы болгон эле адамдар. Чын эле буга чейин ашып кетсе 1-2миң сомго жагып келсек, эми жанагы эсептегичтери, колдонгон энергияны жөн эле эсептеп койбой, 2-3 эсеге көбөйтүп дагы берет окшобойбу. Жарандарыбыздын алды 10 миң, арты 4миң сомдон төлөп жатышат. Болбосо өлкөдөгү орточо айлык дагы бул сумманы төлөгөнгө жетпейт. Макул шаардагылар ыйлай-сыктай айлыгыбызды бүтүн карматсак дагы кутулат экенбиз. Ал эми айда-жылда акчаны бир көргөн айыл жергелериндегилер кантип жатат экен катыгүн. Балким колдо бар бирин-экин мал жанын сатып болсо дагы алгачкы жылдары чыдашаар. Андан кийин жарыгы жок илгерки чырак жакмай жашоого өтүп калабыз го. Себеби, өкүмият аке буга алымсынбай тарифти дагы көтөрө турган болуп чыкты. Болбосо тиги ЖоКедеги өнүгүүчү депутат Мирлан Бакиров деген мырза, өткөн жылы парламент жыйынында, учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын экенин айтып чыккан. Ошондой болсо, ортодогу пайданы көрүп жаткан “мителерди” тазалоо убактысы келген окшойт. Учурда электр энергиясынын кымбаттайт дегенин уккандар бийликке нааразы. Бардыгы дал ушул маселеден башталчу эмес беле, деги кырдаал курчуп кетип жаз алды менен дүйнөгө дагы бир жолу уят болбосок эле болгону.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: