Menu

Декабристкалар же “саясый туткундагылардын жубайлары”

Бөлүшүү:

Петербургдун Сенат аянтында декабристтердин көтөрүлүшү чыккан. Анда жашыруун коомдордун мүчөлөрү, гвардиянын офицерлери жана орус дворян революционерлери жеке бийликке, крепостнойлук укукка каршы куралдуу көтөрүлүш уюштурушкан.

Чечкиндүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү, крепостнойлук укукту жоюуну максат кылган жаш дворяндар (негизинен офицерлер) 1816-жылы “Аман алып калуу союзу”, 1818-жылы “Жыргалчылык союзу”, 1821-23-жылдары Санкт-Петербургда Түштүк жана Украинада Түндүк союзу сыяктуу жашыруун уюмдарды түзүшкөн. Декабристтердин иши боюнча өтө жашыруун сот болуп, ага 579 киши тартылган. Алардын 121и күнөөлүү (!) деп табылган. Күнөөлүү катары табылган офицерлердин 23ү үй-бүлөлүү болгон. Күйөөлөрүнүн, уулдарынын, ага-инилеринин артынан Сибирге барган декабристкалардын айрымдары кайрадан мекендерине кайтып келүүгө тыюу салынган. Канча бир жылдардан кийин Тобольск шаарында 11 декабристканын эстелиги декабрист күйөөлөрүнүн жанына орнотулган. Алардын эрдиктери, ысымдары өчпөс болуп тарыхта калды.

Анын сыңарындай, ачуу чындыкты айткандар “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен эки жыл мурда камалган Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун аялдарын алардын башына бирдей түшкөн мүшкүл бириктирген. Учурда алар “Саясый туткундагылардын жубайлары” деп түзүп алышкан комитеттин алкагында аракеттенип жүрүшөт. Чыгаан саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева, Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова, Канатбек Исаевдин жубайы Жамиля Исаева, Бектур Асановдун жубайы Алтынай Асанова, экс-депутат жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун жубайы Жаңыл Кумашева, энергетика тармагында эксперт болуп жүргөн Эрнест Карыбековдун жубайы Элмира Карыбекова ж.б. аял, эне, ошол эле учурда саясатчынын жары болуу эки эсе кыйынга турарын түшүнүп, уул-кыздарын багып, соттон сотко, митингден митингге чуркашып, жашоолоруна берилген сыноону баштан кечиришүүдө.

Жаңыл НУСУП

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: