Өткөн жылдын жыйынтыгына ылайык Өзгөн району Ош облусунун социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн 1-даражадагы Диплом жана 70 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул сыйлыкты вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев тапшырышты. Баса, Өзгөн районунда 25 жылдан бери токтоп турган кыш заводу 2017- жылы гана ишке киргизилди. Мындан тышкары узаган жылда өнөр жай жана кайра иштетүү багытында дагы он ишкана ачылып, мунун эсебинен 207 жумушчу орун жаралды. Буларга тартылган жалпы инвестиция 54 миллион 803 миң 500 сомду чапчыды. Ал эми быйыл дагы бир ишкана ачылуу алдында турат. Ал мекеме “Аталык-Өзгөн” ишканасынын алкагында уюшулуп, сарымсак гана өндүрөт. Сарымсакты кайра иштетип, ошол эле маалда дыйкандарды жана фермерлерди жогорку түшүмдүү сарымсак уругу менен дагы туруктуу камсыз этмекчи. Айтмакчы, Ош облусундагы эң мыкты деп таанылган Өзгөн районунун 2017-жылдын март айынан бери Олжобай Осмоналиев жетектеп келатат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ