Menu

Бай жана байкуш

Бөлүшүү:

Бул кечөөкү эле айдын карапайым адамдар түгүл чоңдорду да ичиркенткен, Бишкектеги килейген жылуулук берүүчү ишкананы авариялык абалга кептеген ызгаар суук болуп жаткан күндөрүнүн биринде болгон али сыясы кургай элек окуя. Адыл өтө эртелеп ойгонуп, тооктун күйөөсү кыйкыра электе турган. Тилекке каршы, машинасы оталбай калыптыр, кашайып. Мурун-соң машина оңдоп көрбөсө да капотун ачып, бузук жерин билип койчудан бетер моторуна бир сыйра көз жүгүртүп алды да, кайра үзүлбөгөн үмүт менен машинасынын ичине отуруп, рулдун түбүнө жайгашкан ачкычын дагы бир жолу бурады. “Чык-чык-чык-чыкы-чыкы…” Жок. Баары бир оталчудай эмес. Эми эмне кылат? Тү-үй, атта, жумушка эрте барыш керек эмес беле. Көчөдөгү микроавтобустардын катташына али эрте.

Жолго чыкса, кудай жалгап, төбөсү жап-жарык болуп такси токтоп туруптур. Көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнгөнүн айтпа!

Такси бул жакка жүргүнчү жеткизип келген экен. Анын ичинен эки жигит жолгирени төлөп түшөөрү менен, айдоочуга Адыл кайрылды:

— Ассалоому алейкум!

— Ва-алейкума ассалоом!

— Мени…

Жумушунун дарегин айтты.

Кардалдарын минтип түшүрүп-түшүрө электе дагы бир кардардын пайда боло калышы таксистке да майдай жага берди белем, “кым” эле дей түштү, чиркин!

— Отуруңуз.

Бир аз жүргөндөн кийин сөз учугун улап жиберишти. Экөө жаш жагынан тең экен. Көбүнчө айдоочу сүйлөп баратты.

— Жумуштан сырткары ушинтип таксовайтэте койом. Кудайга шүгүр, жашоом жаман эмес. Бир кыз, эки уулдун атасымын. Кызымды түштүккө турмушка берип, келинди да ошол тараптан алдым. А дегенде, чочулаган элем, салты кандай болду экен деп. Кудаам менен эң алгач таанышкан минуталардан тил табышып, мамыр-жумур болуп кеттим. Жакшы адамдар бардык эле жерлерде бар тура. Андан калса, тияктын салты мындай, тигиндей деген былжырак кептердин көпчүлүгү чындыкка коошпойт экен. Биздин салт боюнча иш кыласыңар, мынча бересиңер деп кудаам деле ооз ачкан жок. Кызынын калыңына өз эрким менен 40 миң долларлык квартира бердим. Тоюн Бишкектеги эң чоң ресторандардын биринде 600 коноктун катышуусунда өткөрдүм. Балам болсо, бир депутаттын жардамчысы. Келиним банкта иштейт…

Айтор, бул таксисттин төгөрөгү төп экен. Эч нерседен өксүгү жок шекилди. Ал эми жүргүчүсүнүнчү?

Адыл анда-санда “а, жакшы-жакшы” деп сараатанда чымынга таланып турган жылкыдан бетер баш ийкегени гана болбосо, өзүнчө санаа дартынан ичи эңшерилип, ой көлүнө чөмүлүп кетип баратты. Анан эмне деп мактанат? Мен сага окшоп той өткөзмөк түгүл үй -бүлөмдү күнүмдүк азык менен араң камсыздап жатам деп мактанабы? Же болбосо, аялы, чоңоюп калган балдары бүт иштебей, “берсең жейм — ​бербесең өлөм” деп үйдө жатып алып бардык мүшкүлдү менин мойнума жүктөп койгон деп айтмак беле. Какаганга муштаган болуп, жакында эле бирөөгө кол көтөрүп жиберген уулун түрмөдөн куткаргыча иттей азап чекпедиби. Деги милицияга ишиң түшпөсүн, тигиниси да, мунусу да чөнтөгүңдү кенедей сорот экен. Жабырлануучунун көңүлүн таап, прокуратура менен соттун тамагын майлап бүткүчө түмөн түйшүк санааны тартып жүрүп карызга белчесинен малына түшсө да аны аяган пенде болгон жок. Ошол эле дейсиңби? Андан кийин кыргыздын ашкере чыгымдары, той-аштар тажатып жиберди. Баланча тууганым небересинин бешик тоюна чакырыптыр, түкүнчө тууганым кызын турмушка берип жатыптыр деп аялы эч бир тойдон баш тартпайт, тапталган күлүктөн бетер той дегенде дап-даяр. Өзү иштебегенден кийин акча кандай кыйынчылык менен келип жаткандыгын билбейт да.

Сөзгө тап-такыр эле сараң экен деп ойлоп калбасын деген таризде, Адыл да эптеп унчугумуш болду:

— Демек, килейген Жогорку Кеңештеги депутатка жардамчы болуп иштесе, уулуңуз деле акылдуу жигит болуш керек?

— Албетте, аябай эстүү уулум бар. Аны ушундай адам болуп чыгышына апасынын эмгеги зор. Себеби, балага энеси көбүрөөк тарбия берет. “Ата — ​сырткы тон”. Эркектер балдарына аялдарынча тарбия бере албайт. Андан калса, балдар таяке тарабын көбүрөөк тартып калат экен. “Атасы жиндинин бирөө жинди, энеси жиндинин баары жинди” деген сөз жөн жерден чыкпаптыр. Менин апам… тоюс, менин аялым аябай эстүү. Балдарым да апасын тартып…

Бул сөздөрдү укканда Адылды ого бетер ой басты. Себеби, Адылдын бир да баласы эстүү чыккан жок. Бүт каяшачыл. Мектепте же башка бир жерде ызы-чуулуу окуя болсо, ошол окуянын арасында балдарынын бири болуп чыгат. Ансайын үйдө иштебей олтурган аялы күйөөсүнүн мээсин жеп: “Ушу, сен да эркексиңби?! Балдарыңа жакшы тарбия бере албадың” — ​деп сүйлөнгөнү-сүйлөнгөн.

Көр-тириликтин азабынан таңга жуук кетип, жумуштан келгенден кийин “тырп” этээрге дарманы калбай жатып калса, анан кантип берет тарбияны?

— Эми кайсыл жакка бурулайын?

Адыл “селт” этти.

— Ушул жерге…

Чындыгында, көздөгөн жерине, жумушуна али жете элек болчу. Ошондой болсо да мындан ары жөө деле бараармын деген таризде машинадан түшкүчө шашты…

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: Ачык сөз 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: