Menu

Султан Каназаров, журналист: “Бир айлыгымды кечки тамакка төлөгөм”

Бөлүшүү:

– Эстен кеткис жолугушуу күндөрүңүз?

– Илгери Киев – Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде “Классик” деген ресто­ран болоор эле. Мен айылдык жигит, анын ресторан экенин кайдан билем. Ал кезде студентмин, иштейм. Ошол күнү айлык алдым. Анан бир кызды узатып баратып чай ичели десем, ал кыз шыпылдап эле мени ошол “Классик” ресторанына баралы деди. Анан киргенде эле байкадым, гардеробдо швейцар, ичине кирсек рояль менен жандуу музыка, кыскасы “шикарный ресторан” экен. Анан ал шаардык кыз “Мож­но я сделаю заказ” – деп туруп, экөөбүзгө тең биринчи, экинчи ысык тамак, десерт, анан кофе заказ берди. Ичимден ии жакшы, бүгүн айлык алганым деп коем. Анан тиги кыз дааратканага басып кеткенде бир официант келип “Иним, менюдагы бааларды карадыңбы?” – деп боору ооруду. Жашмын да, аябай жиним келди. Ошол күнү 1500 сом айлык алгам, ага бир ай жашашым керек болчу. Айтор “ужин” 800 сом болду. Сыр бербей, дагы официантка 50 сом чайга калтырдым. Ошол “свидание” эсимден кетпейт. Ии баса, ошол кызга анан үйлөндүм.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: