Адилетсиз жагдайда абакта күн кечирип жаткан белгилүү саясатчы, экс-аграрчы министр Бекболот Талгарбеков 3-мартта 63 жашка толмокчу. Талгарбеков ушуну менен туулган күнүн экинчи ирет жабык жайдан тосууда. Үй-бүлөсү кожоюн туулган күнүн балдарынын кашында тоспогондоруна катуу кейип, ичтеринен сызышууда. Өзгөчө кызы атасына болгон сагыныч, кусасын, туулган күнүнө болгон салам дубайын биздин гезит аркылуу жолдоону самап турганынан улам, көпүрөлүк милдетти аркалап турубуз. Сөз ыңгайы келип турганда, биз да туулган күн ээсине карата жылуу пикирибизди жолдоп коюну туура таптык. Эң башкысы, абактан аманчылыкта, тезирээк чыгып алышыңызга тилектешпиз! Бул күндөр да өтөт. Туулган күнүңүз менен!
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ