Президенттик аппаратта кризистик жагдай жаралып, Фарид Ниязов «ооруп» калып, ыргылжың ишин көрсөтүп атканда, билесиңер, бир жагынан арыз да жазып салбады беле? Ошол кезеңдерде Алмазбек Атамбаев ачууланып, «кол баласын» чакырып алып, ашата сөгүп, тартипке чакырганын укканбыз. Көп өтпөй Ниязов кызматтан кеткен. Анан КСДПнын саясый-идеологиялык иштерин аркалап, шайлоого даярдануу боюнча билегин түрө киришмек да. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Фарид экс-президентке катуу таарынып, жакын санаалаштарына арманын айтып, партиянын ишине толук кандуу киришпей атканы эмнени билдирет? Сыягы, арканды алыс ыргытып, келечекте КСДПнын иши жүрүшпөй каларын алдыртан сезип аткандагысыбы?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ