Бишкек шаарында экстремисттик топтун мүчөсү кармалды. Шаардык милициянын берген маалыматына таянсак, 12-март күнү саат 03:30да Октябрь РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам Ахунбаев көчөсүндөгү «Народный» дүкөнүнө кирип, жардырам деп коркутканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин кызматкерлери жиберилип, Ош облусунун 31 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам «Йакын Инкар» экстремисттик тобунун мүчөсү экени аныкталган. Анын баштыгын текшерүү учурунда жардыруучу зат табылган эмес. Кылмыш иш козголуп, шектүү камакка алынган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ