Menu

КР Өкмөтүнүн вице-премьер рангындагы экс- аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев УКМКга сурак берди

Бөлүшүү:

12-мартта расмий кызматынан алынган КР Өкмөтүнүн аппаратынын экс-жетекчиси Нурханбек Момуналиев 22-мартта УКМКга сурак бергени белгилүү болду.  Момуналиев кызматынан алынганда эле “Бишкек ТЭЦин оңдоп-түздөө жумуштарына коррупциялык жол менен аралашкандыгы үчүн алыныптыр” деген сөз кеткен. Бирок, “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, кыргыз бийлиги аны атайын берене менен кетирбей “өз каалоосу менен” дедиртип буйрук чыгарышкан. Анткени Момуналиев экинчи аялын алганда Алмаз Атамбаевди өкүл ата кыла коюп, өзүнө чоң “крыша” таап алганы айтылып жүрөт. Ошондон бери ага эч ким даай албай келаткан. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция боюнча 8-февралда өткөргөн Коопсуздук кеңешиндеги “коорупциянын башында силер өзүңөр олтурасыңар!” деген сөзүнөн кийин Момуналиевди коргоп калуу ыңгайсыз болуп калды көрүнөт.

Бишкек ТЭЦин 2017-2018-жылдагы кышкы сезонго оңдоп, даярдоо үчүн “Электр станциялары” ишканасынын фиктивдүү түрдө өткөргөн тендеринин жеңүүчүсу болуп, бюджеттен ал иштерге ири суммадагы акча алып, аны жеп салган “АйМар Энержи” фирмасы КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министр рангасындагы аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевге караштуу болуп чыкты.

КР УКМК азыр “АйМар Энержи” фирмасынын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат, Момуналиев ушул иш боюнча сурак берүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: