Кыргыз чек арачылары аткезчилик жол менен ташылган 100 миң сомдук товарды алып жаткан сегиз кыргыз жаранын кармады. Бул жөнүндө Мамлекепик чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, дүйшөмбү күнү, 2-апрелде, чек арачылар мыйзамсыз негизде 59 кап пахтанын үрөнүн алууга далалат жасаган сегиз кыргызстандыкты кармаган. Окуя кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча атакезчиликтин жалпы баасы 100 мин сомду түздү.
– Кармалгандар мыйзамды түз бузбастан, товарды чек арадан ыргытып алып өтө башташкан. Мындай мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу максатында атайын иш-чаралар өткөрулүп жатат,- деди Кыргыз Мамлекеттик Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Тажибаев.
Ошентип, кармалгандарга айып салынып, мыйзамсыз кирген товарлар бут Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ