Menu

Өзбекстан мечитинен 40 миң доллардай акча уурдалды

Бөлүшүү:

Өзбекстан укук коргоо органдары Кашкадарыя облусундагы мечиттен 40 миң долларга жакын акча уурдоого шектелген эки кишини кармады.

Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы билдиргендей, Кашкадарыя облусунун Шахрисаба шаарынын милициясына жергиликтүү ишкер кайрылып, мечиттен 38,7 миң долларын уурдатып жибергенин айткан.

«Жабырлануучу баштыгын жергиликтүү мечиттердин бириндеги жууна турган бөлмөгө таштап коюптур. Кайра келип, ал аны таппай калган», – деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ ыкчам-иликтөө чараларынын жыйынтыгында уурулукка шектелген Ташкент жана Бухара облусунун эки жараны кармалганын кабарлады.

Бул факт боюнча “Уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү аныкталса, алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: