Menu

Кыргызстан мамлекеттик карыздын чегин белгилейт

Бөлүшүү:

Өкмөт мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң продукциянын 70% ашырбоо максатында Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Мындан тышкары бюджеттин таңкыстыгы ИДПнын 3% жогору болбошу керек. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Учурда Бюджет кодексине киргизилген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.

2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз 4, 4миллиард долларды түзгөн. Бул ИДПнын 55,7% барабар. Алардын ичинен тышкы карыз – 3,8 миллиард доллар.

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар бересе. Бул тышкы карыздын 44% түзөт.

2018-жылдын январь-март айларында өкмөт мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2,4 миллиард сом жумшаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: