Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков “Азаттыкка” билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар.
Окуя 25-апрелде болду. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникикалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу:
– Бир окуучу белгиси зат алып келген экен. Ал эмне экенин билбей жатабыз. Тергөөчүлөр иликтей башташты, – деди ал.
Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган.
Айрым маалымат булактары уулангандардын арасында эки мугалим да бар экенин кабарлашкан. Жеңиш Байзаков муну четке какты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ