Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталышы тийиш

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты.

Өкмөт башчы министрге маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылган татаал тармак туш келгендигин белгиледи.

«Сиздин ишиңиздеги алдыңкы милдеттенмелердин бири катары мамлекет жана эл үчүн ак ниет, ачык-айкын иш алып бара турган мыкты адистерден куралган күчтүү команданы уюштуруу эсептелет. Жалпыбызга белгилүү болгондой, дени сак улут гана өнүгүүгө бет алып, күчтүү мамлекетти кура алат. Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы бардык деңгээлдеги маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкка болгон алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү, ченемдик-укуктук актыларды толугу менен ревизиялоо артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат, ошондой эле саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарыл.

«Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тыкыр талданып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, калкка тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатууга, жер-жерлердеги медициналык мекемелердин шарттарын жакшыртууга багытталышы керек. Акыркы мезгилдеги тажрыйба көрсөткөндөй, саламаттык сактоо тутумундагы медициналык адистердин гана эмес, ошондой эле заманбап башкаруучу кадрлардын да жетишсиздиги орун алууда. Бардыгы эскиче нукта иш алып барып, өзгөрүүлөрдү каалабайт. Көбүнэсе калктын бийликке карата ишеними медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты менен аныкталат. Андыктан, медицина тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев белгилегендей, ал өз ишинде жогоруда белгиленген принциптерди жетекчиликке алып, ошондой эле күч-аракетин кадрдык агымды токтотуу максатында аймактардагы медициналык кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоого, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга жумшайт.

Жолугушууда дары-дармек менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кирешесинин түзүлүшүн талдоого алуу, ошондой эле өлкөнүн Саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү стратегиясынын жана Програмаларынын алкагында коюлган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: