Menu

Алиярбек Абжалиев, «Республ – Ата Журт» депутаты: Башкы прокурор болуп келген жан досум эмес, аны биринчи көрүшүм

Бөлүшүү:

24-25-апрель күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн башкы прокурорлугуна сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин талкуулашты. Дээрлик көпчүлүк депутаттар жактырышып, бир добуштан колдоп беришти. Ал арада коомчулукта 43 жаштагы жаңы башпрокурорду президенттин канкудасы, Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журттагы» депутат Алиярбек Абжалиевдин досу экендиги тууралуу маалыматтар тарады. Бул тууралуу депутаттын өзүнөн жооп алдык.

– Алиярбек мырза, жаңы келген башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду «сиздин досуңуз» деген маалыматтар тарап жатат. Кайдан таанышсыңар, чын эле досуңузбу?

– Бул жаш прокурор жигитти мен кечээ гана көрдүм. Буга чейин көргөн эмесмин. Бас-кан жолун карап чыксам, прокуратура жаатында 20 жылдык тажрыйбасы бар, профессионал экен. Кыргызстандын торт бурчунда иштептир. «Прокуратура системасында эки күн иштебеген адамды алып келип, коп кемчиликтер болду» деп айтып бүтпөй жатабыз. А бул жигит прокурордун жардамчысынан облустук прокурорлукка чейин жетиптир. Тажрыйбасы мол экен. Биз, депутаттар анын талапкерлигин карап жатканда, «туура тандоо болуптур» деп ынандым. Анан өзү «президенттин мени башкы прокурорлукка талапкерлигимди сунуштаганы күтүүсүз болду» деп айтып жатса, мага байлай беришеби? Болсо-болбосо деле «досу экен» деп урдура бергендерге түшүнбөйм. Адамдар бир аз маалымат алып, анан айтышса. Жаш айырмачылыгыбыз 8 жыл. Анан кантип биз дос болобуз?

– Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы катары сиздин дарегиңизге «бийлик бөлүштүрүү саясатына кийлигишип жатат» деген сындар айтылууда?

– Ал киши кудам экени жалган эмес. Бирок, мен депутаттык кызматтамын. Өзүмдүн ишимдин тегерегинде гана иш аткарам. Кадрдык саясатка аралашпайм. Бул айтылгандар жөн эле көчө сөздөрү.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: