Menu

Президентке кат: Элдин дартын ким угат?!

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү редакциябызга куржун толо документ көтөргөн бир аксакал келиптир. Угуп отурсаң: жаның күйөт, күн тийбес жериңден түтүн чыгат, жиниң кайнайт. “Мунун баары сатылган бийликтин айынан болуп отурат… Коррупционерлерге карата өлүм жазасын калыбына келтирбесек болбой калды” дейт, жаны кашайган арыз ээси.

Тааныша келгенибизде арманы аттын башындай болгон бул киши — ​эмгек ардагери, 2013-жылдан бери “Сенти” финансылык пирамидасына алданып, айласы түгөнгөн көп кыргыздын бири Мырзаказы уулу Иса аксакал болуп чыкты.

2012-жылдын аягында жоопкерчилиги чектелген (мындан ары ЖЧК)“Сенти” финансылык компаниясы ММКлардан жалган жарнаманы жамгырдай жаадырып, селдей каптатып, өзү мыйзамсыз чыгарган облигация аркылуу жылына 20% пайыз киреше убада кылып, элдин акчасын жыйнай баштайт. Напси балээ дегендей, 2013-жылы азгырыкка жетеленген Иса аксакал байбичесин баш кылып, уул-кыздары менен акылдашып, “Сенти” ЖЧКсы менен квартал сайын алып туруу шарты менен 20%дык келишим түзүп, 354 миң сом төгөт.

Евгений Зайцев деген аксакал “Сентиге” 200 миң сомун алдатып, 3 жылдан бери байбичесинен качып, үйүнө баралбай, аркайсы жерде түнөп жүрөт. “Сентинин” айынан ажырашып кеткен жубайлар да бар.

Бирок, аталган финансылык пирамиданын чокусунда чардаган Симонова Неля сулуу деген неме, келишимдин шартын бузуп, 18%дан төлөй баштайт. Кийинки жылы пайыз эмес, пок да төлөнбөй калат. Курамына Иса аксакал кирген алдануучулардын жалпы 5 миллион сом алдаткан 27 кишиден турган өзүнчө тобу шек санап, Неля сулууну кокодон алышат. Ал айласы кеткенде: “мени силерди алдоого келечектеги атактуу эшексоёр, ошол кездеги мамлекеттик каржы көзөмөлү агенттигинин мүдүрү Юруслан Тойчубеков мажбур кылды” деп жар салып, четке чыга качат.

Банктагы эсебинде 499 сом 40 тыйын пулу бар сетирейген “Сенти” жогоруда аты аталган агентствонун, тиешелүү финансы тармагын тейлеген, көзөмөлдөгөн мекемелердин жетекчилеринин тилдерин таап, айлап-жылдап чуркап жүрүп араңдан зорго берилчү уруксатты 1 жуманын ичинде алууга үлгүрүп, курулуш багытындагы “Атлант холдинг” ЖЧКсынын атынан эч нерсе менен камсыз болбогон миллиондогон сомдук облигацияларды бастырып чыгарат. Бул Кыргызстандын соңку тарыхындагы бийликти сатып алган ууру-кескилердин карапайым калкты массалык алдоосунун 2-учуру болуп эсептелген көрүнүштүн орун алышына — ​кары-картаң, жетим-жесирдин аёосуз алданышына Мамкаржыкөзөмөл агенттигинин салымы чоң болгондугун айтышат. Буга чейин, жоругуң жолдо калгыр тээ Майрамдын доорунда, башкача айтканда, 10 сомдун куну 1 доллар кезде шордуу кыргызстандыктарды 199 миллион сомго алдап кеткен “Рентон групптун” (башкы жүлүк Эдуард Пак) элге кылган кесепетине да ошол кездеги погу-жини менен кошо сатылган кыргыз бийлиги каргаша болгондугун коомчулук унута элек.

Маалымат үчүн айтып кете турган нерсе — ​ошол жылдары жогорудагы 200 миллион сомдой акчаны Казакстанга ала качып кеткен Эдуард Пактын Алматыдагы резиденциясына Кыргызстандын башкы прокурорунун далдалчысы “гаплашали” деп барат дейт. Далдалчы ага: “сага издөө жарыялангандыгын, кармалган жериңден зынданга салынаарыңды, жыртык ыштаныңа чейин мамлекетке тартылып алынаарын түшүнүп турасың. Сен өз ыктыяры менен келген киши болуп, башпрокурорго киресиң, анын көңүлүн табасың — ​үй камагына бошойсуң” дейт. Далдалчы киши өлүмүнө айыпталып, издөөдө жүргөн бир нече ворлорго да жогорудагы шартты “түшүндүрөт”. Жогорудагы качкан-тозгондор баш прокурорго “зыяратка” кирип чыгышкандан кийин, арадан 3 күн өтпөй, Кыргызстанда долларлык миллионерлердин саны дагы бир кишиге көбөйөт…

Кызык жери — ​жогорудагы “зыярат” коомчулукка жарыя болуп кеткен соң, Жогорку Кеңеште, коомчулукта ызы-чуу күчөп, сот пара алуудан жалтактап, Эдуард Пак 10 жылга кесилип кетет. Элге белгилүү болгондой, Пак 3 ай отурбастан, мөөнөтүнөн мурда бошотулат да, эркиндикке чыккан соң, кыбыланы карап: “сөзүндө турбаган хотин экенсин!” деп башпрокурорду ашата каргап, укук коргоо органдарындагы чыккынчы досторунун жардамы менен Атаханов аркылуу Атамбаевди мажбурлаган миллионер Батукаевге окшоп аман-эсен, урмат-сый жана даңаза менен атайын авиарейс аркылуу сыртка узатылат…

Жогорудагы кыргыздын баарын намыссыз эл катары көрсөткөн жагымсыз жагдай тууралуу ЖоКенин 4-чакырылышынын депутаты, милициянын полковниги Турат Мадылбековдун бийик трибунадан ошол кезде мындай деп айтканы бар:

— Бул көрүнүш — ​укук коргоо, жазаларды аткаруу органдарында жакшылап иштелип чыгылган коррупциялык даяр жолдун бар экендигинин далили…

Ошентип, биротоло алдангандыктарына көзү жеткен калайыктын Иса аксакал тизмелеген активисттери биротоло алданып, баштапкы төккөн акчаларынан да ажырап калышаарына көздөрү жеткенде укук коргоо органдарына кайрылышат. Муну билген “Сентинин” жетекчилиги алдангандардын түшүнүгүн башка жакка буруп: “силердин акчаңарды “Атлант холдинг” жеп кеткен” деп, доочулардын атынан акыркы аталган ЖЧКынын үстүнөн сотко арыз даярдайт… Ошол эле учурда Неля сулуу облигациячыларды “карызды мен 1 жылдын ичинде төлөп берем” деп, чогулушта айтып, официалдуу милдеттенме жазып, алдоого өткөндүгүн кантип түшүнүүгө болот?!

Дүйнөдөгү эң калыс жана адилет сот болуп “эсептелген” Ленин райондук соту (судья А. Сейдахматова, азыр райсоттун төрайымы) эл менен келишимди “Сенти” түзгөндүгүн, акчаны элден “Сенти” алгандыгын, башында пайызды элге “Сенти” төлөп келгендигин билип-көрүп турса да, “Атлант холдингди” күнөөлүү деп таап, өзүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен элдин пулун төлөп берүүгө милдеттендирет.

Соттун жогорудагы көз боёмочулук чечиминен кийин, караламан эл аркайсы тийиштүү мекемелердин эшиктерин тепкилеп киришет. Ал жактагылар: “акчаңарды “Атлант холдингден” эмес, силерден алган “Сентиден” сурагыла” деп, жолотушпайт.

Карайлаган караламан алдангандар кайра шаардык сотко барса, чечим колуңарда турбайбы — ​сот аткаруучуларга баргыла дейт. Сот аткаруучулар болсо тигил шордуулардын колундагы соттун чечимин атайылап жоготушуп, тоскоолдук пайда кылышат. Алар Финансы министрлигинин банкрот боюнча башкармалыгына баргыла дейт. Банкротпуруштар болсо — ​атайын админстраторго баргыла дейт. Акыркы неме болсо — ​жоопкер ЖЧК 490 сомдон башка пулу жок болсо, атаңардын башын өндүрүп бермек белем, кандай түшүнбөгөн немесиңер, Кудая тообо… дейт. Кыскартып айтканда, кыргыз өкмөтүнүн жооптуу лөктөрүнүн жардамы менен облигация деп аталган кайырмакка илине коюп, алданган эл айласы кетип: “ бир кычкачтын баасын 100 эсе көбөйтүп отчет жапкан, ТЭЦти тоноп, элди тоңдурган ырайымсыз, ыплас бийликтен калыстык жок экен, андан көрө Камчы Көлбаевге арызданып барсакпы” деп турган кездери… Не үчүн дегенде ворлор кары-картаңдар менен жетим-жесирлердин акысын жегенден жийиркенишет экен.

Сатылган бийлик менен криминалдын болгон жалгыз айырмасы ушунда белем…

Номанжан Аркабаев

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: