Menu

Былтыр АКШдан рекорддук сандагы орусиялык башпаанек сураган

Бөлүшүү:

2017-жылы АКШдан 2664 орусиялык башпаанек сурап, алардын саны акыркы 24 жылдагы рекорддук деңгээлге чыккан. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 39% көп.

Бул боюнча расмий статистикалык маалыматты «Настоящее Время» телеканалы АКШнын Ички коопсуздук министрлигинен алды.

Буга чейинки рекорд 1994-жылы катталган. Анда 2127 орусиялык арыз менен кайрылган.

АКШдан саясий башпаанек сурап кайрылган орусиялыктардын саны беш жылдан бери катары менен өсүүдө. Алгачкы өсүш 2012-жылы, Владимир Путин үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин башталган. 2016-жылы мындай өтүнүч менен 1912 адам кайралган. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 31% көп болгон.

Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль бул сандарга «ишенбей турганын» билдирди:

«Азыр жалган маалыматтар абдан көп, бардыгына этияттык менен кароо керек», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: