Menu

Өзбекстан ТАПИ газ куурунун курулушу үчүн каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Түркмөнстан – Ооганстан – Пакистан – Индия (ТАПИ) газ куурунун курулушу үчүн Өзбекстан акча бөлөт. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстан Банктар ассоциациясынын башкы директору Бахтиер Хамидовго шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, долбоор ишке ашса, аймактагы өлкөлөр арасында товар жүгүртүү өсөт деген божомолдор бар. Негизги демилгечи – Түркмөнстан.

Өзбекстан ТАПИ курулушун колдой турганын президент Шавкат Мирзиёев апрелде Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда билдирген. Мирзиёевдин пикиринде, ТАПИ келечекте Ооганстандагы кырдаалдын турукташуусуна көмөк болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен лидерлер Өзбекстандын долбоордун курулушуна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча жумуш тобун түзүү чечимин кабыл алышкан.

ТАПИнин түркмөн тилкесинин курулушу 2015-жылы декабрда башталган. TAPI Pipeline Company Limited 2020-жылы Түркмөнстан аркылуу Индияга газ берүүнү пландоодо. 10 млрд долларга бааланган, 1,814 чакырым узундуктагы куур аркылуу Галкыныш кенинен жылына 33 миллиард кубметр газ берүү каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: