Menu

Видео – Өзбекстанда журналист Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулду

Бөлүшүү:

7-майда Ташкент шаардык сотунда антикоррупциялык ишмердүүлүккө айыпталган журналист Бобомурод Абдуллаев менен дагы үч жарандын иши боюнча сот отуруму аяктады

Абдуллаевди Кылмыш кодексинин 159-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан сот аны бир жарым жылга кара жумушка кесип, маянасынан 20% кармап калуу шарты менен сот залынан бошотту.

Абдуллаев менен бирге айыпталган блогер Хаётхан Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Шавкат Оллоёров менен Равшан Салаев дагы сот залынан бошотулду.

2-майда өткөн сот отурумунда прокурорлор Абдуллаевди беш жылга эркинен ажыратууну, калган айыпталуучуларды актоону сураган.

Атайын кызмат тарабынан былтыр сентябрда кармалган журналист Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды «Усман Хакназаров» деген тергеме ат менен интернетке жарыялап турган деп айыпталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: