Тоң районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда, адамдарды бөлүп-жарып, атайын тандап тизме түзүп катыштырышыптыр жыйынга.
Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Мындай кошоматчылык качан калат? Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кошомат кылып отуруп, бийликти элге жаман көрсөтүп жатышат.
Алар атайын даярдалган адамдарды чогултуп, президентке жолуктуруу менен Сооронбай мырзаны да алдап жатышпайбы. Президент күндө эле келип жатпагандан кийин, карапайым адамдарга жолугууга мүмкүнчүлүк бериш керек да. Президенттин аппараты бул боюнча маселени карап, жергиликтүү бийликтин тизгинин тартат деп ишенип туралы.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ