Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар медиа корпорациясынын Башчысы шейх Абдулрахман бин Хамад Аль-Тани менен жолугушуп, Үчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын катарлык телеканалдарда кѳрсѳтүүнү талкуулады.
Элчи Нуран Ниязалиев Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары, анын тарыхы, негизги вазийпасы жана максаты тууралуу жалпы маалымат берди жана Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин Катар медиа корпорациясына жолдогон чакыруусун тапшырды. Шейх Абдулрахман бин Хамад Аль-Тани кыргыз эли, жери жана үрп-адаттары тууралуу маалыматты чоң кызыгуу менен кабыл алып, Катарлык мамлекеттик телеканал Uчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын чагылдыра тургандыгын айтты жана келерки жылы Кыргыз Республикасы боюнча атайын телекѳрсѳтүү даярдоо сунушун кабыл алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ