Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Орусияда өтө турган эл аралык «Улуттар Кубогу-2018» турнирине катышат. Бул тууралуу аталган спорттун туру боюнча федерациядан билдиришти. Турнир 14-19-май күндөрү Новосибирск шаарында өтөт.
Беттеш «Микст 4+2» форматында өткөрүлөт, команданын курамында 4 эркек жана 2 аял болушу керек. Медаль үчүн Орусия, Франция, Казакстан, Япония, Польша, Австралия жана Кыргызстандан барган 8 курама ат салышат. Чучукулакта Кыргызстандын курамасы Польша, Франция жана Казакстандын курамалары менен бирге «А» тайпасына туура келген. «В» тайпасында болсо Орусия, Япония, Австралия жана Новосибирск облусунун курамалары беттешет.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ