Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Мохаммед Абдулкарим, Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, мекеме жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Дыйкан айылындагы мектептин имараты эскирип жараксыз абалга жеткенине байланыштуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы чыккан. Ассанабил ККФнун колдоосу менен аталган айылга 200 орундуу жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилди.
Имарат 10 каанадан туруп, 6 окуу классы, 1 мугалимдер үчүн каана, 1 директордун каанасы жана ашкана тамактануучу бөлмөлөрү менен бүткөрүлдү. Ар бир кабинетке тиешелүү эмеректери, видео байкоо, жылытуу системасы орнотулуп сырткы жана ички жасалагалары менен толук камсыздандырылды.
“Ассанабил” ККФ тарабынын жалпы республиканын ар кайсы аймактарына 35 мектеп, 20 медпункт курулуп мамлекетке гранттык түрдө берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ