Menu

Осмонбек Артыкбаев кандай себептерден улам бийликке сатылып кетти?

Бөлүшүү:

Анализ кылган эксперттер жана иликтөө топтору деле, атургай камактагы «Электрстанциялардын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов да Осмонбек Артыкбаевдин ТЭЦ боюнча айыптуу экенин каңкуулашканын кантебиз? 386 миллион долларлык долбоорду ишке ашырууда Сапар Исаковдун кандай айыбы болсо, Артыкбаевдики андан кем эмес экени ашкереленеби? Эгерде адилеттүү бийлик болсо, бул эргулдун абийири төгүлүп, жүзү ачылат беле? Эрксизден жылмаясыңда, бүгүнкү күндө Артыкбаев эски досу Атамбаевди каратып туруп сатканын, бул тарапка секирип кеткенин уу-дуу боло айтып атышкан кездери.

Өткөн жумада парламенттен Осмонбегиңер опулдап, Исаковго күнөөнү оодара салганга жанталышып атканын байкадыңар да. Тамаша эми башталууда. А баса, тиги жээктен бу жээкке кантип секирди?  Логика жөнөкөй. Артыкбаевдин акчасы көп, Кыргызстанда тамырлаган эбегейсиз бизнеси бар. “Неман” дарыканаларын эле карагыла, башкасын айтпаганда да. Дагы бир артыкчылыгы, Артыкбаевди публично сатуу менен маалыматтарды жаңы бийликке жеткизүү саткынчылыктын майын чыгаруу жагынан өзгөчөлөнө алганын кантесиңер? «Токочу бар бала сүйгүнчүк» дегендей, ТЭЦке чалынган чиновниктердин ичинен Артыкбаев мультимиллионер болуп атса, мындай фигура бийлик үчүн керек да. А башкалары камалып кете берет, алардын таасирлери анча эмес. Мына, жалган дүйнөнүн ыкмалары…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: