Menu

Бакыт Бакетаев: Демократиянын эң негизги касиети – карама каршылык болуп туруш керек

Бөлүшүү:

—Бакыт мырза, коомчулукта Сооронбай Жээнбеков менен экс-президенттин ортосунда болуп жаткан тиреш дагы күчөсө Атамбаевди жандай чапкан кадрлар саясий туткунга айланып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар, буга сиз кандай карайсыз?

—Мен андай ойдон алысмын. Карама-каршылык өтө терең кетпейт. Жалпы элдин кызыкчылыгынан өйдө чыгалбайт. Ал эми азыркы окуялар мыйзам ченемдүү гана көрүнүш. Негизи, эки президенттин досчулугу саясатка кирбеши керек. Эгер досчулук саясатка кирип кетсе, бул коррупциянын биринчи тепкичи болот. Ошон үчүн мурунку жана азыркы президенттер досчулугун той-аштарга, жеке өздүк мамилеге гана байлап, саясатта «касташып» жатканы эң жакшы көрүнүш. Бири экинчисине сын айтып, текшерип турса, эл үчүн, мамлекет үчүн пайда. Физиканын тили менен айтканда эки президент «минус» менен «плюс» болуп, бир магниттик талааны түздү. «Минус» же «плюс» жалгыз боло албайт. Эгер экөөсү тең «минус» болуп калса, магниттик талаа жаралбайт, энергия келбейт. Бул демократиянын эң негизги касиети, карама-каршылык болуп туруш керек. Мен ошон үчүн оппозицияны да, бийликти да колдойм. Талаш жаралган жерде акыйкаттык табылат. Бардыгы биригип алып, шыбырашып калса коррупциянын «тамыры» кеңири жайыла берет. Анын сыңары, экөө дос бойдон камыр-жумур болуп калса, чатак ошондо чыгат. Азыр абдан туура багытта кетип жатат. Эгер Атамбаевдин саясатын түз улантса, анда бир орундан жылбайбыз, убакытка жараша кадрларды алмаштырышы керек.

—Жакында Атамбаевдин кол тийбестигин алуу демилгеси көтөрүлдү. Ошол иштин артында азыркы президент турат деген ойлор бар. Сиз кандай дейсиз?

—Кол тийбестик кызматтан кеткен президенттерге сөзсүз керек. Эгер экс-президенттен аны алып койсок, бир дагы президент коррупция менен күрөшкөнгө аракет көрбөй, эртең мен кеткенден кийин зыяны тиет деген негизде отургузбай калат. Анткени, биздин соттук системага эч ким ишенбейт, коррупцияга батып калган. Жөнөкөй бир мисал айтсам, Рустам Маманов деген жигит үч жылда алты ирет соттон утуп, аягында камалып калды. Соттон уткан киши мындай болбошу керек эле да. Келген президенттердин баары реформа жасаганга аракет кылып жатат, бирок адилеттүүлүк орной элек. Крыловдун тамсилиндеги окуядагыдай эгемендүүлүк алгандан бери арабаны ар кимиси ар кайсы жакка тартты. Бири дагы ак кууну асманга, балыкты сууга, ракты кумга кетирип, арабаны атка сүйрөтө элек. Ак куунун, балыктын, рактын ордун гана алмаштырып, «башкаруу архитектурасын» өзгөртпөдү. Эгер «архитектураны» өзгөртпөсө, бүгүн коррупция менен күрөшүп жаткан Жээнбековдун командасы беш жылдан кийин Атамбаевдин командасынын кейпин киет. Системаны оңдобой, баягы баткакка батып жатышат.

—Суроого келеек…
—Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуунун артында Сооронбай Шарипович турат дегенге кошулбайм. Анткени, аны ажыратса, өзү да иштей албай калат. Кимдир бирөөнү кылган иши үчүн жазалагандан коркуп калат.

—Сиз мурунку жана азыркы президенттерди физиканын тили менен минус менен плюска салыштырдыңыз, туура ал экөөсу светти жандырат. Бирок эки агым лампочкага жеткиче кайчылашып калса жалын чыгып, аягы чоң өрткө айланаары белгилүү. Коомчулук ошол нерседен чочулап жаткандыр…

—Эң туура метафора. Энергияны абайлаш керек, бири бирине тийип калса жалын чыгат, күйөт, өрткө айланат. Демократия дагы ошол сыяктуу өтө аздектей турган нерсе. Ылайым «провоттор» тийишпесин.

Зулпукаар Сапанов

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: