Menu

Назарбаев Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкарат

Бөлүшүү:

Казакстан парламентинин Сенаты президент Нурсултан Назарбаевге өлкөнүн Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуу укугун бере турган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Парламент тарабынан жактырылган документке ылайык, Коопсуздук кеңеш консультациялык органдан конституциялык мекемеге айланат.

Сенат тарабынан жактырылган өзгөртүүлөр туңгуч президент жана «Эл башы» макамынын ээси катары Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкаруусуна мүмкүндүк түзүп, кийинки президенттердин Кеңештин төрагасынын алдында отчёт берип турушун камсыздайт.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Коопсуздук кеңештин курамы «анын төрагасы менен макулдашылгандан кийин» президент тарабынан түзүлөт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, «ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт» деп жазылган.

Муну менен катар мыйзам долбоору Коопсуздук кеңешке мамлекеттин стратегиялык маанидеги документтеринин абалына жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коргонуу жана укук тартиби тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу, ошондой эле түздөн-түз президентке баш ийген борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын жетекчилерине сунушталган талапкерлерди талкуулоо укуктарын берет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: