Каржы полициясынын Өзгөн районундагы бөлүмү Куршаб айылынын 1998-жылы туулган, акыл эсинин өсүшү боюнча артта калган С.К. аттуу жаранына Өзгөн райондук мамкатто кызматынын бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери 2017-жылы августта “ВС” категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз түрдө бергенин аныктады.
Тергөөнүн жүрүшүндө далилденгендей, С.К аттуу жаран 1998-жылдан тартып “Д” каттоосунда F7 -“акыл эсинин өсүшү боюнча артта калган – психикасы толук өнүкпөгөн же артта калган” деген диагноз менен Куршабдагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо турат.
Каржы полициясы топтогон материалдар боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 316-жана 350-жасалма документтерди жасоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ