Menu

Рахмон жергиликтүү бийликтерди Өзбекстан менен достукту бекемдөөгө чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү бийликти Өзбекстан менен достукту бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазышты.

Мамлекет башчы Өзбекстан менен чектешкен Шахристан районунун активдери менен жолуккан маалда аларды өзбекстандыктар менен достук жана бизнес байланыштарды жолго коюуга чакырды.

Ошондой эле Рахмон эки өлкө кылымдардан бери достукта жашап келгенин айтып, тынчтык жана туруктуулук өкүм сүргөн мамлекеттер өнүгүп, дүйнөлүк аренада өз аброюн арттыра турганын белгиледи.

Буга чейин Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу 2018-жылдын биринчи кварталында эки эсеге өскөнү кабарланган. Январдан майга чейин анын көлөмү 94 миллион долларды түзгөн.

Өзбекстан — Тажикстан менен оң соода балансына ээ болгон Молдовадан кийинки экинчи өлкө болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: