Menu

Артыкбаевдин ден соолугу начарланышына ким кызыкдар?

Бөлүшүү:

Жалпыга маалымдоо каражаттарына Жогорку Кенештин депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКнын кармоо абагынан ооруканага которулганы туурасында кабар түштү. Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдиргендей, Артыкбаев ар дайым ден соолугунун начардыгын айтып, дарыланууга муктаж экендигин билдирген.  Эл өкүлүнүн астма оорусу кармап, кан басымынын көтөрүлүшү жана аритмия байкалган.

Ал ортодо, экс-премьер Сапар Исаковдун жактоочусу эмнегедир мындай билдирүүдөн кийин тынчсызданып, бул тууралуу социалдык тармакка жазып чыкты. Өзүнүн билдирүүсүндө ал, астма оорусу кармап калган Артыкбаевге медициналык жардам көрсөтүлүп жатканына нааразы болгон.

Мындан улам, суроо келип чыгат: эмнеге Сапар Исаковду коргоочу тарап Артыкбаевдин ден соолугунун начарлашына умтулуп жатат? Артыкбаевдин мындай абалы кимге керек? Андай болгон учурда, жактоочу коргоп жаткан Исаков бардык күнөөнү экс-министрге оодарып, суудан кургак чыгып кетүү жолу бар.  Балким ошон үчүн болуп жүрбөсүн?

Белгилей кетсек, Артыкбаев иликтөө менен иш алып барууда жана буга чейин ал өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдей турганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: