Menu

Казакстанда беш миңдей соттолуучуну эркиндикке чыгаруу пландалууда

Бөлүшүү:

Казакстандын башкы прокурору Кайрат Кожамжаров кылмыш саясатын мындан ары дагы гумандаштыруу максатында түрмөдөн беш миңге чейинки кишини бошотуу пландалып жатканын айтты.

Кайрат Кожамжаровдун билдиришинче, прокурорлордун каршылыгы менен 200дөн ашуун адамдын жазасы жеңилдетилген. Өлкөдө кармалгандар менен камалгандардын саны азаюуда. Башкы прокурордун каршылыгы менен Казакстан Жогорку Соту 269 өкүмдү өзгөрткөн. Анын натыйжасында 12 киши акталып, 223 соттолуучунун жазасы жеңилдетилген.

«36 кылмыштын түрү боюнча эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү азайып, коомдук жумушка тартуу, айыппулдарды төмөндөтүү киргизилүүдө. Азыр оор кылмыштар боюнча жоопко тартуунун эскирүү мөөнөтү беш жылга кыскарат. Анын натыйжасында беш миңге чейинки соттолуучу бошотулушу ыктымал», —деди башкы прокурор.

Ал кайсы кылмыштар боюнча жаза жеңилдетилерин так айткан жок. Тиешелүү мыйзамга казак президенти кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: