Menu

Райым Матраимов саясатка кантип курал болгон?

Бөлүшүү:

«Райым Миллионду» ким жараткан? Жанрдык эрежелерге ылайык, кайсы бир байлыгы ашкан бажычынын бар экендиги тууралуу маалымат көп учурда айың кеп тараткан кыргыз тилдүү басылмаларда пайда болгон. Ал эми маалыматтык кампания былтыркы президенттик шайлоодон кийин, мурунку жана жаңы шайланган президенттин ортосунда алгачкы пикир келишпестиктер пайда болгондон тарта башталган.

Бул тууралуу маалыматы бар адамдардын айтымында, Атамбаевдин командасы Матраимовду саясый жаңжалга Жээнбековго каршы атайылап кошуп, өзүнүн таасирин сактап калууну көздөгөн. Анын отставкага кетүүсү менен ал убакта Сапар Исаков менен бирге кандай пиар болгонун эстеңиз. Ошол учурда бул жаңжал коррупция менен күрөшүүнүн элементи, сенсация катары берилген. Атамбаевдин ал убакта бийликте турган тарапташтары үчүн ЖЭБди модернизациялоодон кийин ачыкка чыгып калган коррупция тарыхынан коомдун көңүлүн башка тарапка буруу биринчи орунда эле. ЖЭБди модернизациялоодо жүздөгөн миллион долларлар уурдалып, буга тиешеси бар адамдар жоопкерчиликтен кандай гана жол болбосун качууга аракет кылышкан.

«Райым Миллиондун» тарыхындагы таңкаларлык учур Атамбаевдин Матраимовду кызматтан алуусун өзү буйрук бергенин коом алдында жар салганы болгон. Бирок, экс-президентгин бул кылыгына көпчүлүгү көңүл бурган эмес, журналисттердин колуна тийген жипти тарта келгенде, кызыктын баарын изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар эле. Албетте, экс-президент жөнөкөй адам эмес, бирок юридикалык жактан анын буга кандай негиздери бар? Мурунку президент жана анын жанындагы адамдар коррупция тууралуу сөз кылганы менен Матраимовдун «серый импортко» болгон байланышына эмне үчүн бир дагы далил келтире алышкан жок?

Баса, Райым Матраимовду бажы кызматына Атамбаев шопуру Илмияновдун өтүнүчү менен өзү дайындаганын айтканы коомчулуктун көңүлүн анчейин бурган жок. Бажы кызматында ал көп жыл иштеп, ошол эле Кулматовдун жана Исаковдун башчылыгы алдында эмгектенген. Эгерде жумушунда кандайдыр бир жетишсиздик, компромат боло турган болсо, ошол учурда Атамбаев жана анын ишеничтүү кадрлары Матраимовго өз убагында эмнеге кайрылышпады? «Бул окуяда дал келбөөчүлүк бар»-деген ой сизде дагы жаралдыбы?

Жакында эле сот Матраимовдун кайрадан кызматына келишин мыйзамдуу деп таап, Исаковдун учурунда анын кызматтан алынышын негизсиз катары санагандан кийин, Атамбаевдин айланасындагы адамдардын «истерикасы» кайрадан башталды. Чынында ызы-чуу жаратуунун эмнеге кереги бар эле? Бажы кызматынын башчысынын орун басарын жемкорлук боюнча айыптоого эч кандай себеп жок. Бул жерде кандай сөз болушу мүмкүн?

ЖЭБди модернизациялоого алынган насыяны уурдоо окуясы мурунку бийлик учурундагы масштабдуу коррупция экендигин айгинелеп турат. Бул ЖЭБдин айланасындагы иште далилдер бар болгондуктан, конкреттүү фигуранттар, мурунку министрлерден тартып, экс-премьерлерге чейин жоопко тартылышууда. Ал эми Матраимовго болсо Атамбаевдин командасы конкреттүү түрдө бир далил көрсөтө алабы?

Ошентип, «Райым Миллион» аттуу түзүлгөн образга тескери кызыкчылык өсүп жатканы байкалып турат. Мындай ыплас аракеттери менен алар Сооронбай Жээнбековдун атына шек келтирүү жана аны менен жеке эсептешүүгө болгон аракеттерин кылып жатышат. Ошондуктан, Райым Матраимовго байланыштуу окуяда акылга сыйбас саясат жүргүзүлүүдө.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: