Menu

Беларуста TUT.BY ири интернет-басылмасында тинтүү жүрүүдө

Бөлүшүү:

Беларустагы Tut.by ири интернет-порталынын кеңсеси 6-августта жабылып, Тергөө комитетинин кызматкерлери редакцияда тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу интернет басылманын негиздөөчүсү Юрий Зиссер билдирди.

Бул арада БелаПАН көз карандысыз агенттигинде да тинтүүлөр жүрүүдө.

TUT.by компаниясы басылма кызматкерлеринин бири мамлекеттик БелТА маалымат агенттигинин сайтын бузуп, андагы маалыматтарды мыйзамсыз алууга шектелүүдө.

Тергөө комитети “Жеке кызыкчылыктан улам компьютердик маалыматты мыйзамсыз алуу менен зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөчүлөр мамлекеттик агенттиктин маалыматтарын Tut.by гана эмес “Белорусская наука” басма үйү, “БелаПАН” жана “Тутбай Медиа” агенттиктери да колдонгон болушу мүмкүн деп эсептейт. Аты аталган басылмалардын бир нече кызматкери кармалды. “Азаттыктын” беларус кызматы алар Tut.by сайтында иштеген Марина Золотова, Ульяна Бабоед, Анна Калтыгина жана БелаПАНдын кызматкери Татьяна Коровенкова экенин жазды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: