Бүгүн, 10-августта саат 11.27де Бишкектин Исанов/Рыскулова көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде “Бишкек-экспо” фирмасынын жетекчиси, Россиянын жараны Александр Гайдуковго кол салуу болду. Ал машинасынан чыгып, офисине кирип баратканда кичине дарактын алдына катылган жарылуучу зат жарылып кеткен. Александр Гайдуков жаракат алып, бирок аман калды. Ал мурун Россиянын КГБ-ФСБсында иштеген, азыр Кыргызстандагы резидент деп ишендиргендер да бар.
Александр Гайдуковдун “Бишкек-экспо” фирмасы Жалал-Абад облусундагы Арсланбапта өндүрүлгөн жаңгактан май сыгып алып сатат деп билдирип жатышат. Ага 2016-жылы да ушул эле жерде кол салуу болгон. Анда аны белгисиз бир кылмышкер кундагы кесилген мылтык менен атып, жарадар кылып качып кеткен.
Россиялык атайын кызматтардын көп резиденттери Кыргызстанда бизнес менен шугулданышып, акча табышары эл оозунда айтылып келет.
https://www.youtube.com/watch?v=LqEHgXaGilg
Видео Рустам Исаныкы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ