Menu

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: Гүлендин саясатынын эң гүлдөп турган очогу бизде, Атамбаевге күзүндө гүленчилер жардам бериши мүмкүн

Бөлүшүү:

—Бактыбек Орозбекович, учурда «Сапат» билим берүү мекемеси боюнча маселе абдан чыңалып турат. Эрдоган биздин ажо менен жолукканда дагы бул маселеден кыйгап өткөн жок. Бул эмнени билдирет?

—Башка мамлекеттердин биздин ички саясатыбызга аралашканга акысы жок. Бирок дос катары өз пикирин алдын ала эскертип коюу милдети деп эсептссек туура болот. Учурда биздин өлкөдө гүленчилердин иши ушунчалык гүлдөп жатат. Алар акылдуу, билимдүү зирек балдарыбызды чогултуп келип, чоң суммадагы акчага окутушууда. Ал акылдуу балдарыбыз тээ адырга алып барып таштап койсоң деле окуй беришет. Болгону биздин тың балдарыбызды гүленчилер окутуп кайра өздөрүнүн системасына азгырып жатат. Алар биздин салттуу динди карманбайт, алардын Кудайы да, пайгамбары да бирөө эле, ал Гүлен. Гүленчилер мамлекетке кандай азап алып келээрин Түркия башынан өткөрдү. Демек алар бизге жамандык каалабай эскертүү берип жатышы мүмкүн. Бүткүл дүйнө учурда Гүлендин мектебин жаап коюшту. А Кыргызстанда гүлдөп өнүгүп ачык эле диний сектага берилип кирип кеткендер эпогейине жетип калышты. Бул коркунучтуу нерсе.

—Учурда Сапат билим берүү системасынан окуган балдардын айрымдары бийликке келип жатат…

—Туура, бийликке келишти. Себеби алардын аталарынын колунда бар. Бийликте турган акчалуулардын балдарынын мамлекеттик жумушта иштей турган мүмкүнчүлүгү жогору экендиги маалым да. Жаштарыбызды Гүлендин диний сектасына азгырбай чыныгы кыргыздын салты менен тарбиялашыбыз керек. Кыргызстандын болочок коопсуздугу үчүн дагы биз Сапат билим берүү системасын жабууга милдеттүүбүз. Албетте мамлекеттин башында тургандар муну ойлонуп жатышкандыр. Бирок өлкөнүн коопсуздугу жалгыз УКМК же президенттин эмес кыргыз элинин баарынын милдети. Учурда өлкө башчысы коррупция менен күрөшөм деп жатат. Азыркы камакта жаткан өкмөт башчылар, шаардын мурдагы кийинки мэрлери камалат деген эч кимдин түшүнө кирчү эмес. Ушундай алгылыктуу иштер жүрүп жаткан жерде эл дагы жардам берип, кичинекей нерсеге да акча бере салбай коррупциянын алдын алсак өнүгүүжолуна түшөбүз. Болбосо кимиси келсе дагы сен жакшы, мен жаман дей берсек анда ушул тиреш улана берет. Текебаев келеби, Эшмат-Ташмат келеби өнүкпөйбүз.

—Баса, жарандык коомдун өкүлдөрү шаардын мэрии эл шайлаш керек деп чыгышты. Сиз макулсузбу?

—Макул эмесмин. Жарандык коом өзүнүн позициясын билдирип жатканда жалаң эле кетсин дейт. Же өздөрүнүн сунуш-пикирлери жок. Кетсе маселе чечилбейт. Кантип шаардыктар мэр шайлайт. Шаардык кеңеш жаман эле жаман деп бакырып атышат. Шаардык кеңешти шаардыктар шайлашкан. Анан мэрди да шаардыктар шайлашканы жөн гана курулай популизм болуп жатат. Балким Азиз Суракматов мыкты, тарыхта калган мэр болоор. Мен аны мактабайм, бирок ошол эле учурда жаман айтпайм. Алдын ала жыйынтык көрсөтпөйлү. Мисалы Мелис Мырзакматовду убагында «терекпуруш, атын жаза албайт экен, ушул кантип шаар башкарсын» деп бакырып чыгышкан. Жыйынтыгында аздыр-көптүр иштерди жасап кетпедиби. Бул чындык экенин мойнубузга алалы. Кеп Азиздин мэр болуп жатканында эмес, жарандык активисттердин өздөрүнүн артындагы изди карабай жатканында. Кимиси эмнени кыйратты эле, сын таккыдай?

—Күзүндө чоң саясый күрөш болот экен деген сөздөрдүн аягы тыйылбай жатат, болушу мүмкүнбү?

—Мурдагы өлкө башчысы лидер болуп бакырып-чакырып алдыга баштай албайт. Себеби анын жүзү азырынча таза эмес. Кайсы бир кадырлуу оппозиция деле ал кишини колдобойт. Эл көрүп турбайбы. Айланасында деле бийликке сес көрсөтүп кыйкырчу адамы жок. Бирок мен жогоруда айтып кеткен гүленчилерди бул окуядан абдан жакшы пайдаланып кетиши мүмкүн. Себеби алар акчалуу, билимдүү уюштургуч балдар. Эсиңерде болсо Түркия менен жаман-жакшы айтышып экс-президент гүленчилерди сактап калган. Гүлендин саясатынын эң гүлдөп турган очогу бизде. Демек алар жардамга келбей койбойт. Коркунуч ушул жерде. Бүгүн өлкө башчысын калкыбыз колдоп, жылуу пикирлерди айтып жатканы менен Гүлендикине окшогон тамыры кенен жайылып жаткан диний секталар учурдан пайдаланып кетиши турган иш. Мындан баарыбыз сак болоосок болбойт.

Баян Кулова

Булак:  De – Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: