Menu

Кытай аскер техникалары Казакстан аркылуу Орусияга баратат

Бөлүшүү:

Казакстан Коргоо министрлиги өлкө аймагы аркылуу Кытай аскердик техникалары Орусия полигонунда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) контртеррористтик машыгууларына катышууга бара жатканын кабарлады.

Министрлик билдиргендей, Кытай аскердик техникалары Достык-Актогай-Аягоз-Аул-Локоть каттамы аркылуу Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль полигонуна баратат. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай аскер техникаларын аймактык “Чыгыш” колбашчылыгынын кароолу коштоп жүрөт.

Августтун аягында өтө турган “Тынчтык миссиясы” машыгуусуна ШКУ өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Индия, Пакистан жана Өзбекстандын үч миңден ашуун аскери жана 500дөн ашуун аскер техникасы менен курал-жарагы тартылат.

Казакстан куралдуу күчтөрүнүн аскер эшелондору машыгуу боло турган жерге 18-август күнү чыгат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: