Menu

“Делбирим” эми “Дилбарым” болобу?

Бөлүшүү:

Иляс менен Аселдин Долон ашуусундагы махабаты баяндалган атактуу чыгарма кайрадан экрандаштырылып, ал кыргыз-өзбек киночуларынын биримдигинде тартылары тууралуу маалымат тараганда коомчулук тарабынан эки түрлүү пикирлер пайда болгон. Учурда тартуу иштери жүрүп жаткан бул фильм тууралуу продюсери Паризат Жакыпбекова айтып берди.

– Саламатсызбы Паризат айым, Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” тасмасын өзбек туугандар менен биргеликте тартуу идеясы кандайча ишке ашып калды?

– Биздин “Дан” продюсердик борбору чогуу иштешүү үчүн “Өзбекфильм” киностудиясына башында башка сценарий сунуштаганбыз. Бирок алар: “Кыргыз-өзбек киночулары 30 жылдан бери алака түзө элекпиз, келгиле, жакшы саамалыкты Айтматовдун сүйүү тууралуу чыгармасы “Делбиримден” баштайбыз”, – дешти. Өзбек президенти Чьңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча токтом чыгарып, анын ичинде “жазуучу тууралуу тасма тартуу керек” деген пункт бар экен. Биздин долбоор мына ушул токтомдун алкагына кирип калды. Ошентип, 1,5 жыл мурун долбоор башталган, ал аралыкта биз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бир нече жолугушууларды уюштурдук, сценарийди, актёрдук курамды бекиттик. Анан тартуу иштери ушул жылдын июнь айынын ортосунда башталып, Наманган жана Ташкенттеги съёмкалар аягына чыкты. Эми калганын Ысык-Көлдөн тартсак бүтөт. Бет ачарын жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрь күнү уюштурсакбы деп пландап жатабыз.

– Фильм кайсы тилде тартылууда?

– Учурда актёрлор өз тилдеринде сүйлөп аткарып жатышат. Бирок сатыкка кыргыз, өзбек, орус тилдеринде чыгат.

– Канча каражат бөлүндү?

– Эсептесек, болжол менен 210 миң доллардай каражат сарпталат экен. Бул сумманын жарымынан көп бөлүгүн өзбек тарап каржылап жатат. Объектилерди табуу да алардын милдетине кирди. Байтемир менен Аселдин жашаган үйү картон кагаздан салынып, ага бир ай убакыт кетти. Костюмдар боюнча айтсам, Аселдин костюмдарын “Өзбекфильм” тиктирип берди, ал эми Кадичаныкын Элина өзү жеке дизайнерине тиктирди.

– Актёрлорду кандай талаптар менен тандадыңыздыр? Эл арасында Аселдин ролун эмнеге Элина Абай кызы ойногон жок деген пикирлер да айтылып жатат?

– Негизи Аселдин ролуна Элина Абай кызы, Малика Абдразакова, Мадина Талипбек үчөө каралышкан. Бирок Элинанын жаш курагы туура келмек эмес, Мадина менен Маликаны тандоодо актрисаларды Иляс менен Аселдин коштошуп жаткан эпизодун аткарттырганбыз. Мадина ошол жерде профессионалдуулугун көрсөтүп алдыга чыгып кетти. Ал эми Кадичанын ролуна режиссёрго мен Элина Абай кызын сунуштадым. Анткени, аны эл сулуу, назик же болбосо баатыр кыздын ролунда көрүп көнүп калышкан. Ал стереотипти сындырыш үчүн Элинанын талантын башка өңүттө ачып бергим келди. Айрымдар үчүн Кадича терс каарман болушу мүмкүн, бирок ал балким Илясты Аселден да катуу сүйөр? Ал эми Илястын ролуна өзбек тарап менен чогуу Улугбек Кадыровду бекиткен элек. Бирок анын физикалык түзүлүшү, жаш курагы Илястын ролуна дал келбей калды.

– Социалдык тармактарда жарыкка чыга элек филъмдин дарегине бир топ улутчулдук маанайдагы комментарийлер жаады. Элдин мындай реакциясы жумушуңуздарга тоскоол болгон жокпу?

– Ошондой улуттук кастыкты козутуп пикир жазгандар жалаң жаш, кызуу кандуу мырзалар экен. Бул жерде ич тарлык кылбаш керек, Айтматов бул кыргыздын же Кыргызстандын эле жазуучусу эмес, ал бүткүл дүйнөнүн жазуучусу. Эгер эртең “Делбиримди” башка өлкөлөр, улуттар тартабыз десе Иляс орус, индус, кытай, япон, америкалык же кара терилүү мырза болушу мүмкүн, ушуну түшүнүшүбүз керек. Же алар эки сулуу актриса кыздарыбызды кызганып жатышкандыр?.. Жаштарга айтат элем, чыгармачылыкта чектөө жок, улутчулдукка орун жок.

– Өзбек актёрлору менен иштешүү жеңил эле болуп атабы?

– Тартуучу топто актёрлор менен кошкондо 50дөй адам иштедик. Чынын айтсам, актёрлору абдан жөнөкөй, кичипейил адамдар экен. Жылдыз оорусу деген аларга тиешелүү эместей.

– Буга чейин бул тасма бир нече жолу экрандаштырылган, ал фильмдерди сиздердин “Делбирим” басып өтө алабы?

– Эми ал тасмалар Совет доорунда тартылган, ал кезде техника таптакыр башкача эле. Биздин “Делбирим” буга чейин экрандаштырылган тасмаларды басып өтө алат деп жүз пайыз ишеним менен айта алам. Балким, биз тарткан “Делбиримди” 20-30 жылдан кийинки муун начар деп калар, ар бир мезгилдин өзүнүн мыкты деген тасмасы болот эмеспи.

– “Дан” продюсердик борбору тууралуу айтсаңыз, буга чейин кайсы кинолорго продюсерлик кылгансыздар?

– “Дан” продюсердик борбору кыргыз кино тармагында 2015-жылдан бери тасмаларды тартып элге эмгегин сунуштап келет. Менин жетекчилигим алдында уюшкан продюсердик борбор буга чейин “Көпөлөк”, “Кокуй, кошуна” тасмаларын тартканбыз. “Делбирим” биздин биринчи жолу тартып жаткан эл аралык долбоорубуз.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

Булак: “Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: