Menu

Датка – Айым Кеңешова, актриса: Мирбек Атабеков жездем болот

Бөлүшүү:

«Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,

Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?

Ажары ченелбес, айга да теңелбес,

Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары» – деп ырчы мырзалардын бири обон созгондой бүгүнкү рубриканын коногу кыргыздын кымча бел кыздарынын бири, жаш актриса Датка-Айым Кеңешова.

—Датка-Айым, кечээ жакында Азербайжанга сапарга чыгып келдиң, кандай иш-чара болду?

—Жаштар жана спорт министрилиги тарабынан уюштурулган иш-чара Баку шаарында болуп өтту. Ал жерде 8 өлкөдөн келген катышуучулар болду. Коңшу өлкөлөр бири-бири менен маданият жана чыгармачылык менен тажрыйба алмашуу болду десем болот. Аталган фестиваль «Чыгармачылык өнөркана» деген аталышта болду. Мен музыкалык чөйрөдөн болгондуктан өзүбүздүн элдик аспаптар болгон комузда, чопо-чоордо, ооз комузда ойноп тажрыйбам менен бөлүштүм.

—Сенин кыл кыякта ойноп жүргөнүңдү билебиз, музыкалык билимиң барбы ?

—Негизи музыкалык билими жок адам кыл кыякта ойной албайт, себеби кыяк татаал аспаптардын катарына кирет. Өзүм Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын бүтүрүүчүсүмүн.

—Мындан тышкары кийим көргөзмөлөргө да чыгып жүрөсүн, модель болуп да каражат табасыңбы?

—Кичинекей кезимде моделдик агенттиктерге барып калгам. Ошол жактан подиумда туура басуунун сырларын үйрөндүм. Бирок чоңойгон сайын моделдикке кызыкпай калдым. Анткен менен учурда белгилүү дизайнерлер көргөзмөлөрүнө чакырып турушат, убактым болсо катышып койом.

—Учурда популярдуу болуп жаткан «Жарайт Сити» скетч-шоусуна кандайча тартылып калгансың?

—«Жарайт Сити» долбоорунун уюштуруучулары тарабынан чакыруу түшүп калды. Ошондо өзүмдүн актердук чеберчилигимди сынап көрөйүн деп барып тартылып, кийин калган бөлүктөрүнө да тартылып калдым. Азыркы учурда «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунда тартылып жүрөм. Өзүмдүн актердук билимим жок, бирок каалоом, аракетим өтө чоң.

—Белгилүү ырчы Мирбек Атабековду жезде дейсиң, жубайы бир тууган эжеңби?

—Ооба, Мирбек Атабеков жездем болуп кетет, бирок бир тууган эжемдин күйөөсү эмес. Анын жубайы Мээрим Төлөпберген өзүмдүн атамдын бир тууган агасынын кызы болот, тууганбыз.

—Алдыда кандай ой максаттар бар?

—Алдыда ой-максаттарым аябай көп, биринчиден биздин кичинекей мамлекетибизди маданият жактан көтөрүүгө ар тараптан аракет жасагым келет. Мындан тышкары бир нече долбоорлор менен алекмин, азырынча айтпай сыр кылып турайын.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: